Жаңы дайындалган министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев

Артём Новиковдун ордуна өкмөткө Айбек Жунушалиев келди

325
(жаңыланган 20:32 20.05.2021)
Жунушалиев министрлер кабинетинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Айбек Жунушалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Жунушалиев буга чейин министрлер кабинетинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.

Эске сала кетсек, Артём Новиков бүгүн Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы болуп дайындалган.

325
Белгилер:
Артем Новиков, Айбек Жунушалиев, өкмөт, Министрлер кабинети, төрага, орун басар, дайындоо
Тема боюнча
Эсен Шерботоев "Кыргыз почтасынын" башкы директору болуп дайындалды
 Ошко Россиянын жаңы башкы консулу болуп келген Андрей Бибишев. Архив

Россиянын Оштогу жаңы башкы консулу ишке киришти

84
(жаңыланган 17:05 18.10.2021)
Бибишев Кыргызстанга келгенге чейин Россия ТИМинин КМШ өлкөлөрү боюнча үчүнчү департаментинин жетекчиси болгон.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Ошко Россиянын жаңы башкы консулу Андрей Бибишев келди. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко билдирди.

Маалыматка караганда, Бибишев тажрыйбалуу дипломат, буга чейин Россия ТИМинин КМШ өлкөлөрү боюнча үчүнчү департаментинин жетекчиси болгон. Андан тышкары, Панама жана Никарагуа өлкөлөрүндө Россия элчисинин кеңешчиси болуп эмгектенген.

"Бибишевдин жетекчилиги алдында Ош шаарындагы башкы консулдук ишин жемиштүү улантып, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыкты күчөтөт деп ишенем", — деди Удовиченко.

Бибишевдин 60 жашта экени айтылды.

84
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, элчи, Ош шаары
Тема боюнча
Анталья шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева. Архив

Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болмокчу

138
(жаңыланган 16:29 18.10.2021)
Аида Касымалиева парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаты. Ага чейин бир катар эл аралык ЖМКларда иштеген, орус, англис тилдерин билет.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болууга Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын талапкерлиги жактырылды. Мындай чечим Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде кабыл алынганын аталган комитеттен кабарлашты.

"Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлүнүн кызмат ордуна Аида Касымалиеванын талапкерлиги жактырылсын", — деген чечим кабыл алынган.

Эми документ Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлөт.

Аида Касымалиева парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаты. Ага чейин бир катар эл аралык ЖМКларда иштеген, орус, англис тилдерин билет.

138
Белгилер:
Аида Касымалиева, БУУ, расмий, өкүл, Жогорку Кеңеш, дайындоо
Тема боюнча
Анталья шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
Мамлекеттик салык кызматына Алтынбек Абдувапов төрага болду
Кайрат Иманалиев КТРК жетекчисинин милдетин аткармай болду
Аламүдүн району төмөнкү Ала-Арча айылындагы суу сактагычтан куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн алып чыкты

Аламүдүн: суу сактагычтан эркек кишинин сөөгү табылды. Сүрөт

0
(жаңыланган 00:27 19.10.2021)
Куткаруучулар 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгүн каналдан алып чыгып, аны милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Аламүдүн районунун төмөнкү Ала-Арча айылындагы суу сактагычтан куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн алып чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя болгон жерге Аламүдүн райондук ӨКБден төрт куткаруучу барган. Алар 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгүн каналдан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Аламүдүн району, канал, өлүк, куткаруучу
Тема боюнча
Куткаруучулар суудан башка адамды издеп жатып, белгисиз сөөктү алып чыкты. Сүрөт