Кыргыз өкмөтү "Кумтөрдү" сырттан кантип башкарат? Укугу жана мөөнөтү

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАткаминерлер. Архив
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
"Кумтөр Голд Компани" өзүнө коюлган үч милдеттемени бузганы үчүн кыргыз өкмөтү сырткы башкарууга алып отурат. Убактылуу башкаруунун мөөнөтү — үч ай.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров алтын кенди убактылуу сырттан башкаруунун жол-жобосу тууралуу түшүндүрмө берди.
Белгилей кетсек, "Кумтөр Голд Компани" ишканасы убактылуу тышкы башкарууга алынып, жетекчилигине Теңиз Бөлтүрүк дайындалган. Мыйзам боюнча сырттан башкаруунун мөөнөтү үч ай, эгер тараптар бир чечимге келбесе дагы үч айга узартууга болот.
© Фото / пресс-служба ЖК"Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров
Депутат Жогорку Кенеша Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров
"Мен 31-августка чейин же ажырашабыз, же биздин шарттарга макул болушат деген ойдомун. Эгер жетекчилери сүйлөшүүгө келбей койсо өкмөт башкарып кала бериши мүмкүн", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал Кыргызстандын кызыкчылыгын четке кагуу менен кабыл алынган 2009-жылкы келишимди жокко чыгарууга аракет көрүлүп жатканын белгиледи.
Эң жогорку пробанын алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Centerra Кыргызстан койгон доону төлөөдөн баш тартса кантип өндүрөт? Жол-жобосу
"2009-жылкы келишимде, тилекке каршы, парламент дагы, өкмөт дагы өз укуктарынан аша чаап кетишкен. Анткени "эл аралык келишим башка өлкөлөр же эл аралык каржы институттар менен түзүлүшү керек" деген мыйзам бузулган. Биз ошол келишимди жокко чыгарууну азыркы өкмөткө, парламентке сунуштап жатабыз. Бирок ага чейин 1992-жылы жерди 50 жылга ижарага берүү тууралуу келишимди карап, Centerra алган милдеттемелерди анализдеп чыгып сырткы башкарууга өткөрүү жолун таптык", — деди Жапаров.
Ал милдеттемелерге ылайык, кыргыз өкмөтү үч эле учурда компаниянын администрациялык, чарбалык жумушуна кирише алат. Биринчиси — адам өмүрүнө зыян келтирсе, экинчиси — экологияга залакасын тийгизсе, үчүнчүсү — өкмөттүн экология жана коопсуздук боюнча берген сунуштары аткарылбаса.
"Текшерүүнүн алкагында үч жагдай боюнча далилдер табылды. Эми убактылуу башкаруучу Теңиз Бөлтүрүк эмнеге экология, коопсуздук боюнча иш-аракеттер болбой жатканын изилдеп, бүт жагын байкап-көрүп өзүнүн программасын иштеп чыгат. Кемчиликтерди жоюуга компаниянын мүмкүнчүлүгү барбы же жокпу анализдеп, болсо кийин мыйзамдарды бузбай иштетип кете турган сунуштарын берет. Анан өкмөт кайра чечим кабыл алат. Убактылуу башкаруу учурунда "Кумтөр Голд Компани" мурда кандай болсо ошондой иштейт, кошумча дагы башка укуктары бар", — деди Жапаров.
Убактылуу сырттан башкаруучу Теңиз Бөлтүрүк компаниянын жетекчилиги бухгалтерияга байланышкан жана башка дагы документтерди өзү менен кошо чыгарып кеткенин билдирди.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаУбактылуу сырттан башкаруучу Теңиз Бөлтүрүк
Член совета директоров Centerra Gold Inc. Тенгиз Болтурук - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Убактылуу сырттан башкаруучу Теңиз Бөлтүрүк
"Көйгөйлөр жеке кендин өзүндө эле эмес, бул жактагы башкаруу аппаратында дагы болуп жатат. Ал жерде эч нерсе калган эмес, компьютер, кагаз дагы жок. Маянаны кантип эсептеп төлөйбүз деген баш оору болууда. Калыбына келтирүү иштери бери дегенде үч-төрт жумага созулат. Колдон келген чараларды көрүп жатабыз. Кошумча дагы IT-компанияларды жалдадык, үч смен менен иштейбиз. Ал эми кенде жумуш токтогон жок, баары өз нугу менен иштеп жатат", — деди Бөлтүрүк.

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.
Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы дооматты негизсиз деп эсептеп, 2009-жылдагы келишимдин бузулушуна алып келерин айткан. 11-май күнү УКМК "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.
Кумтөр голд ишканасынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Кумтөрдү иштетүүгө жаңы жетекчилер каражатты кайдан алат? Бөлтүрүктүн жообу
Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.
Ал эми 17-майда Жогорку Кеңеш жыйында карап, Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду.
Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кумтөр кенинен алтын казып, түшкөн пайданын 26 пайызын Кыргызстан ээлик кылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0