Догоев пара талап кылды деп шектелген Дыйканбаевдин ордуна келди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖаңы дайындалган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Дастан Догоев. Архив
Жаңы дайындалган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Дастан Догоев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Дастан Догоев буга чейин жетекчилик кызматтарда иштеп, Мамлекеттик каттоо кызматын, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин башкарган.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Дастан Догоев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жаңы жетекчи туурасында жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Догоев пара талап кылуу боюнча УКМК кармап, камакка алган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азамат Дыйканбаевдин ордуна дайындалды.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2020
Дастан Догоев Гарвард университетинде кайсы каражатка окуй турганын түшүндүрдү
"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашырып жаткан чет элдик компания "Дыйканбаев долбоордун келишиминде каралган ишти бүтүрүү мөөнөтүн узартуу маселесин оң жакка чечип берүү үчүн ири суммадагы акча сураган" деп арыз жазган. УКМК аткаминер учурда убактылуу кармоо жайына киргизилгендигин билдирген.
Догоев буга чейин Каржы министрлигинин алдындагы "Инфо-система" мамлекеттик ишканасынын мекемени өнүктүрүү жетекчисинин орун басары, кийин Мамлекеттик каттоо кызматынын, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчиси болуп иштеген. Ал соңку кызматын Гарвард университетинин магистратура бөлүмүнөн билим алууга кетип жатканын айтып тапшырып берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0