Кыргызстанда күзүндө аскердик ири машыгуу өтүп, ага алты өлкө катышат

© Фото / пресс-служба Министерства обороны КРЖККУнун коргоо ведомстволорунун өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу
ЖККУнун коргоо ведомстволорунун өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
Кыргызстан менен Россиянын Коргоо министрликтеринин жана ЖККУнун Башкы штабынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ "Рубеж-2021дин" планын талкуулады.
БИШЕК, 21-май — Sputnik. Кыргызстанда күзүндө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Борбор Азия аймагындагы тез арада аракетке келүүчү күчтөрүнүн ири масштабдагы аскердик машыгуусу болот. Бул туурасында Коргоо министрлигинен кабарлашты.
© Фото / пресс-служба Министерства обороны КРКыргызстанда күзүндө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Борбор Азия аймагындагы тез арада аракетке келүүчү күчтөрүнүн ири масштабдагы аскердик машыгуусу болот
Рабочая встреча представителей оборонных ведомств ОДКБ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыргызстанда күзүндө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Борбор Азия аймагындагы тез арада аракетке келүүчү күчтөрүнүн ири масштабдагы аскердик машыгуусу болот
Кечээ Кыргызстан менен Россиянын Коргоо министрликтеринин жана ЖККУнун Башкы штабынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ Борбор Азия аймагындагы тез арада аракетке келүүчү күчтөрдүн бөлүктөрү менен "Рубеж-2021" деп аталган биргелешкен машыгуу өткөрүүнү сүйлөшкөн.
Элди эвакуациялап, Төрткүлдү кайтарышат. Кыргызстандагы машыгуунун видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Элди эвакуациялап, Төрткүлдү кайтарышат. Кыргызстандагы машыгуунун видеосу
Анда иш-чараны өткөрүүнүн негиздери, жетекчиликтин аппараты, ыкчам топтор жана ага тартыла турган мамлекеттердин контингенти талкууланган. Андан сырткары, ар тараптан камсыздоо маселеси да каралган.
Аталган аскердик ири машыгууну Кыргызстанда быйылкы жылдын үчүнчү кварталында өткөрүү пландалууда.
ЖККУга учурда алты мамлекет: Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикстан, Беларусь жана Армения мүчө.
Жаңылыктар түрмөгү
0