Centerra Теңиз Бөлтүрүккө Канадада кылмыш иши козголгонун маалымдады

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши "Дело №" папкасы менен. Архив
Киши Дело № папкасы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
Бөлтүрүк Канаданын жана Кыргызстандын жараны, 2020-жылдын декабрында Centerra компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланып, майга чейин иштеген.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Centerra Gold Inc. компаниясы "Кумтөргө" сырттан башкаруучу болуп дайындалган Теңиз Бөлтүрүктү Кумтөр кенин басып алуу жана жашыруун маалыматты ачыктоого айыптап Канадада кылмыш иши козголгонун маалымдады.
Билдирмеге караганда, иш Онтарио провинциясынын Жогорку сотунда ачылган. Centerra Бөлтүрүктүн "Кыргыз алтын" мамлекеттик ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү жана акционери экенин айтып, компанияга жетекчилик кылышына тыюу салууга аракет көрүүдө.
"Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Теңиз Бөлтүрүк директорлор кеңешинен кете электе кыргыз өкмөтү жана башка тараптар менен алтын кенди басып алууну пландап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бул көп жылдык инвестициялык келишимди бузууга алып келет. Бөлтүрүк мындай маалыматты Centerra тарапка айткан эмес. Мындан улам ал Centerra компаниясында директорлор кеңешинин мүчөсү болуп туруп ишенимдүү өкүл катары милдеттемелерин бузганы, жашыруун маалыматтарды сактабаганы боюнча айыпталууда", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле Centerra Бөлтүрүк Канаданын жана Кыргызстандын жараны экенин, 2020-жылдын декабрында директорлор кеңешинин мүчөсү болуп, 2021-жылдын 17-майында кызматтан кеткенин эске салды. Мындан эки күн өтүп, кыргыз өкмөтү аны "Кумтөр Голд компаниге" (Centerra ишканасынын туундуу компаниясы) сырттан башкаруучу кылып дайындаганын белгилейт.
Мындан сырткары, 12-май күнү "Кыргыз алтын" үчүнчү тарапка мыйзамыз түрдө 29 миллион доллар которууга аракет кылганы жазылган.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0