Чек арадагы үйлөр, COVID. Марипов маалкатпай аткарылчу иштерди тизмектеди

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жыйын учурунда
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жыйын учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда талкаланган объектилерди калыбына келтирүүнү сапаттуу жүргүзүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо биринчилерден болуп жасалчу иштерден экени айтылды.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов азыркы экономикалык оор абалдан чыгуу негизги максат болуп тургандыгын айтып, өкмөттүн ишинин өзгөчө көңүл бура турган багыттарын тизмектеди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
"Министрлер кабинетине экономикалык туруктуулукту камсыздоо, экономиканы өстүрүү жана жарандардын бакубаттуулук деңгээлин жогорулатуу, инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү милдети коюлган. Муну менен мамлекет тарабынан алынган бардык социалдык милдеттенмелерди аткаруу зарыл", — деген Марипов.
Ал маанилүү деген төмөнкү маселелерди чечүү зарылдыгын баса белгиледи:
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда талкаланган инфраструктуралык, социалдык объектилерди калыбына келтирүү иштерин сапаттуу жүргүзүү;
  • калкты вакцинациялоо боюнча кеңири масштабдагы ишти жүргүзүү;
  • жаңы тарифтик саясат боюнча түшүндүрүү иштерин улантуу;
  • азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого көңүл буруу.
Жаңылыктар түрмөгү
0