Жапаров Путин менен жолугуп, кыргыз-тажик чек ара маселесин талкуулайт

© Sputnik / Михаил Метцель / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
Эки өлкөнүн президенттери кыргыз-тажик чек арасындагы стабилдүүлүктү бекемдөө, коронавирус пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чаралар боюнча пикир алышат.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 24-25-май күндөрү иш сапар менен Россиянын Сочи шаарына барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта сапардын алкагында Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү айтылат.
"Мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташуунун жана евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат. Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы байланыштарга өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чараларды, анын ичинде россиялык вакциналарын Кыргызстанга жеткирүүнү талкуулоо пландаштырылууда", — деп кабарланган. 
Ал эми Кремлдин сайтына Жапаров менен Путин кыргыз-тажик чек арасындагы стабилдүүлүктү бекемдөө сыяктуу актуалдуу болуп жаткан регионалдык маселелер тууралуу пикир алышары жазылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0