Жапаров элчилер менен консулдарды алмаштырып, жаңыларын дайындады. Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
Буга чейин ээлеген кызматынан үч аткаминер кетип, беш элчи жана консул дипломатиялык ишке киришкени айтылды.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргызстандын чет өлкөдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери менен башкы консулдары алмашты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Таалай Базарбаев Италиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи болду. Аны менен катар эле БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фондундагы туруктуу өкүлү болуп иштеп баштады;
  • Лира Сыдыкова — Кыргызстандын Стамбул шаарындагы (Түркия) башкы консулу;
  • Назарали Арипов — Кыргызстандын Алматы шаарындагы (Казакстан) башкы консулу;
  • Азамат Карагулов — Кувейттеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;
  • Талант Султанов — Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматтарын ээлешти.
Жаңылыктар түрмөгү
0