Түндүктө иштегендер түштүккө, түштүктөгүлөр түндүккө кетти. Марипов ротация тууралуу

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ноокат шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ноокат шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
Жазылуу
Марипов бул жолу район башчыларын дайындоо принциби толугу менен өзгөртүлгөнүн, жаңыча иштеп баштоо керектигин белгиледи.
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Акимдерди ротациялоо райондорду өнүктүрүүдө оң натыйжа берет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ноокат шаарынын тургундары менен жолугушуусунда билдиргенин өкмөт кабарлады.
Эске салсак, кечээ мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жарлыктарына ылайык, өлкөдөгү райондук администрациялардын башчылары, тагыраагы, акимдер ротацияланды.
Марипов бул жолу район башчыларын дайындоо принцибин толугу менен өзгөртүүнү чечишкенин айтты.
"Өлкө түштүгүндө иштегендер эми түндүк тарапка, ошондой эле түндүк тараптагылар түштүккө багытталат. Мунун бардыгы жер-жерлерде калыптанып калган иштөө ыкмаларын жоюу максатында жасалууда. Жаңыча иштеп баштоо керек. Биз акимдердин натыйжалуу иштеши үчүн бардык шарттарды түзөбүз. Инвесторлорду тартабыз, ал эми жергиликтүү жетекчилер аларга ишенип берилген аймактагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу боюнча түздөн-түз иш алып барышы керек", — деди ал.
Жүргүзүлгөн аттестациянын жыйынтыгы боюнча мамлекет башчынын жарлыктарына ылайык, 37 аким иш ордун которду.
Жаңылыктар түрмөгү
0