Иш кабинеттеги мамлекеттик кызматкер. Архив

Кадр кызматы: аттестациялоодон 10 аким өтпөй калды

258
Кадр кызматынын регионалдык резервине 321 адам алынып, соңку дайындоолорго ошол жактан 18 киши тандалган.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Он аким аттестациядан өтпөй калды, айрымдары компьютердик тестирлөөнү эптей албай коюшту. Бул туурасында Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, профессионалдык принциптер боюнча тандалган адамдар кызматка келиши үчүн бийлик мурдатан эле район башчыларын ротациялоого даярданып келген.

"Акимдер өзү туулган райондон дайындалса, кээде кызыкчылыктар кыгылышы пайда болот. Туугандары, тааныштары келет, таасирдүү адамдар чала берет. Аттестациялоо өтө кыйын болду, 10 аким өтпөй калды, кээ бири компьютердик тестирлөөнү эптей албай коюшту. Кимдир бирөө такыр эле даяр эмес болуп чыкты. Жыйынтыгында биз райондук башкарууга ким татыктуу экенин, кимди ротациялап, кимдин кызматын жогорулатып, регионалдык резервге кимдерди киргизсе болорун көрдүк", — деди Тарбинский.

Ошондой эле ал регионалдык резервге 321 адам алынганын айтып, соңку дайындоолорго ошол жактан 18 киши тандалганын белгиледи.

Мындан сырткары, Тарбинский акимдикке аттестациядан өтпөй калгандар регионалдык резервге тапшырууга аракет кылса болорун айтты. Эгер алар өз билимин өркүндөтүп келгенин далилдесе, талапкерлиги кайра караларын кошумчалады.

258
Белгилер:
резерв, тандоо, ротация, аттестация, аким
Тема боюнча
Түндүктө иштегендер түштүккө, түштүктөгүлөр түндүккө кетти. Марипов ротация тууралуу
Башка районго которулган акимдерге үй берилеби? Расмий жооп
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Садыр Жапаров Түркмөнстанга барып, Тажикстанга да тие келери кабарланды

55
(жаңыланган 14:23 24.06.2021)
Мамлекет башчы 27-28-июнь күндөрү Түркмөнстанга барып, 28-29-июнда Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселелерди талкуулайт.

БИШКЕК, 24-июн. – Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 27-28-июнь күндөрү Түркмөнстанга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жапаров Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен тар жана кеңейтилген форматта жолугушуу өткөрөт.

“Эки өлкөнүн жетекчилери эки жана көп тараптуу кызматташууну, аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында иштешүүнү талкуулашат”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми 28-29-июнь күндөрү Садыр Жапаров Тажикстанга расмий сапары менен барып, Эмомали Рахмон менен жолугары кабарланды. Тараптар кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселелерди талкуулашат.

Буга чейин Жапаровдун Тажикстанга барарын Sputnik Тажикстан жазган. 

55
Белгилер:
чек ара, расмий сапар, Тажикстан, Түркмөнстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Садыр Жапаров июндун соңу менен Тажикстанга барат
Путиндин өкүлү Козак Бишкекке келип, Жапаровдун кабыл алуусунда болду
Президент Садыр Жапаров

Садыр Жапаров июндун соңу менен Тажикстанга барат

138
(жаңыланган 13:04 24.06.2021)
Ведомство иш-чараны чагылдыра турган жергиликтүү жана эл аралык ЖМК өкүлдөрүн аккредитациядан өтүүгө чакырган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Ушул жылдын 28-29-июнь күндөрү президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга расмий сапар менен барары күтүлүп жатат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Ведомство иш-чараны чагылдыра турган жергиликтүү жана эл аралык ЖМК өкүлдөрүн аккредитациядан өтүүгө чакырган.

Иш сапар тууралуу КР президентинин администрациясы менен ТИМи азырынча маалымат бере элек.

138
Белгилер:
Тышкы иштер министрлиги, расмий сапар, Тажикстан, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Алдап жүргөн. Жапаров энергетика министрин иштен кетирген себебин айтты
Жапаров бизнесмен Баляндын иши боюнча айтып берди
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан коммуналдык кызматкер. Архив

Шашылыш билдирүү! Эртең-бүрсүгүнү айрым аймактарда сел жүрөт

12
(жаңыланган 14:44 24.06.2021)
ӨКМ 25-26-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаай турганын айтты.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Ага ылайык, 25-26-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаайт. Буга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Ушул жума ичиндеги аба ырайы тууралуу синоптиктер кенен маалымат берген.

12
Белгилер:
сел, жаан-чачын, аба ырайы, ӨКМ
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы