ЖККУ мүчөлөрүн желектери. Архив

ЖККУ мүчөлөрү Координациялык кеңеште жасалган иштерди, келечек пландарын талкуулашты

43
(жаңыланган 20:40 26.05.2021)
Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Бириккен штабында 25-майда ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин коргонуу жана коопсуздук боюнча комитет жетекчилери аталган уюмдун алкагында жыйынга чогулду.

Анда ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков доклад жасады. Аталган уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин коргонуу жана коопсуздук боюнча комитет жетекчилеринин координациялык кеңешмесинин көчмө отурумуна РФтин Федералдык жыйынынын Мамдумасындагы Коргонуу комитетинин төрагасы Владимир Шаманов жетекчилик кылган.

Координациялык кеңешменин мүчөлөрү РФтин компетенттүү органдарынын башчылары (өкүлдөр) менен бирдикте ЖККУнун Чыгыш Европа аймагындагы аскердик-саясий абалын кеңири талкуулады.

Семериковдун ЖККУнун жоопкерчилиги бар аймактагы жалпы аскердик-саясий абалга баа берип, жамааттык коопсуздуктун коркунучтарына каршы жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди. Андан сырткары, аталган уюмдун аскердик кызматташтыгынын азыркы этаптагы абалы жана келечеги боюнча да сөз кылды.

Ал АКШ менен НАТО ЖККУнун батыштагы чек араларына жакын жерде Балтика боюндагы жана Чыгыш Европа аймагындагы өздөрүнүн аскердик топторун, аскердик инфраструктураларын көбөйтүп жаткандыгына токтолду.

"Муну менен катар эле алар тараптан куралданууга жасалчу эл аралык көзөмөлдү жок кылуу иштери жүрүп жаткандыгы" айтылды.

Жамааттык коопсуздуктун Кавказ аймагындагы кырдаалы боюнча айтып жатып ЖККУнун башкы катчысынын орун басары 2020-жылы 9-ноябрда Россия, Азербайжан президенттеринин, Армения премьер-министринин Тоолуу Карабах аймагындагы согушту токтотуу боюнча кабыл алган билдирүүсүнөн кийин ал жакта кырдаал турукташканын эске салган.

"Тынчтыктын мындан ары узак мөөнөткө орношун россиялык тынчтык орнотуучулардын кириши менен андан ары жасалган сүйлөшүүлөр процесси бекемдеди", — деген Семериков.

Ал Борбор Азиядагы жамааттык коопсуздук боюнча кырдаалга өзгөчө көңүл бурган.

"Борбор Азиядагы анын геостратегиялык абалы, көмүр суутектин, кендердин запасы жана транспорттук байланыш аймактарды "кимибиздин таасирибиз күчтүү" болот дедиртип дүйнөлүк уюлдардын ортосунда атаандаштыкты жаратат. Ал эми суу ресурсу, чек аралардын жөндөлбөшү, Афганистан менен Жакынкы Чыгыштан жаралган кооптуулук жана коркунучтар жалпысынан сырттан келген терс таасирлер Борбор Азия мамлекеттеринин аялуу болушун тереңдетет", — деген ЖККУнун башкы катчысы.

Анын айтымында, ЖККУ Афганистан тараптан келген коркунучтан улам аймактагы абалды эске алып тажик-афган чек арасында чыңалууну азайтуу боюнча комплекстүү иш-чараларды өткөрүүдө.

"Тактап айтканда, биз тажик-афган чек арасындагы мамлекеттик чек араны бекемдөө боюнча мамлекеттер аралык бирдиктүү программаны иштеп чыгууга батыл кириштик", — деп белгилеген Семериков.

Кеңешмеде Армениянын улуттук кеңешинин Коргонуу жана коопсуздук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Андраник Кочарян "ЖККУдагы жамааттык коопсуздуктун Кавказ аймагындагы аскердик-саясий абалы" деп аталган доклад жасаган. Ал анда Армениянын Сюник облусунун Азербайжан менен чек арасындагы кырдаалга баа берип, ЖККУ мүчөсүнүн аймактык бүтүндүгүнө кол салууга жол берилбей тургандыгын айткан.

Тажикстан ЖККУга төрагалык кылган 2021-жылдагы приоритеттүү маселелердин ишке ашырылышы боюнча Олий Мажилистин төмөнкү палатасынын Тартип коргоо, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин жетекчиси Рустам Шохмурод доклад жасаган.

Аталган уюмдун аскерлеринин 2021-жылдагы биргелешкен машыгуулары боюнча Бириккен штабдын начальниги генерал-полковник Анатолий Сидоров айтып берди.

Ал быйыл күздө "Аскердик боордоштук-2021" деп аталган ыкчам-стратегиялык машыгуулардын алкагында биргелешкен атайын беш машыгуу болорун жана ал уюмдун Борбор Азияда аймагын камтый турганын айтты.

Кыргызстанда "Рубеж-2021", Тажикстанда "Эшелон-2021", "Издөө-2021", "Өз ара кызматташуу-2021", ал эми Россияда "Урагыс боордоштук-2021" деп аталган машыгуулар өтмөкчү.

Ушул эле күнү жыйындын катышуучулары ЖККУнун кризистик борборунда болуп, Эл аралык аскердик борбордун аскердик-тарыхый көргөзмөсүнө киришкен. Андан сырткары "Патриот" деп аталган аскердик-мекенчил сейил бакта, РФтин Куралдуу күчтөрүнүн башкы храмында, "Эстелик жолу" музей комплексинде болуп, "Жеңишти алып келгендердин энелери" монументине гүл коюшкан.

43
Белгилер:
машыгуу, ЖККУ, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Душанбеде өтө турчу ЖККУ жыйынына ТИМ башчысы Руслан Казакбаев катышат
Сауд Аравия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд. Архив

Садыр Жапаров Сауд Аравия падышасын Кыргызстанга чакырды

79
(жаңыланган 21:01 14.06.2021)
Мамлекет башчы падышаны эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү жана достук мамилелерди чыңдоо максатында чакырган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Сауд Аравия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-сауд эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана аны өнүктүрүү келечеги, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар талкууланды.

“Президент Сауд Аравиясы менен эки өлкөнүн бир тууган элинин кызыкчылыгындагы өз ара колдоо жана ишенимдин негизинде ар тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин айтты. Аны менен катар Кыргызстанга оор мезгилдерде ар дайым көмөктөшүп келгендигин баса белгиледи. Эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү жана достук мамилелерди чыңдоо максатында Сауд Аравия падышасын Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды”, — деп жазылат маалыматта.

Өз кезегинде Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд чакырууга ыраазычылык билдирип, эки тараптуу алакалар жигердүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилегени айтылат.

79
Белгилер:
сүйлөшүүлөр, чакыруу, Садыр Жапаров, Сауд Аравиясы
Тема боюнча
"Достуктун" тагдыры, 20 ординатор, фармзавод. Түркия сапарынын жыйынтыгы
Панорамадан табиятка суктанып... Эрдогандын Жапаровду узаткан видеосу
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ошко барып, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйынына катышты

БШК төрайымы Ошко барып эреже бузуу боюнча шаар бийлигине эскертүү берди

143
(жаңыланган 15:14 14.06.2021)
Мурунку шайлоодо Ош шаарынан БШКга 89 арыз түшкөн, анын ичинен тогузу добуш сатып алуу боюнча даттанган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ошко барып, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйынына катышты.

  • Глава ЦИК Нуржан Шайлдабекова и мэр Оша Айтмамат Кадырбаев на заседании Штаба по подготовке к выборам депутатов городского кенеша в городе Ош
    БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ошко барып, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйынына катышты
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Мэр Оша Айтмамат Кадырбаев на заседании Штаба по подготовке к выборам депутатов городского кенеша в городе Ош
    Отурумга калаа мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кызматтардын, ведомство жана ишканалардын жетекчилери чогулган
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Заседание Штаба по подготовке к выборам депутатов городского кенеша в Оше
    Анда БШКнын башчысы 11-апрелде өткөн шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу айтып берген.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 3
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ошко барып, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйынына катышты

Отурумга калаа мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кызматтардын, ведомство жана ишканалардын жетекчилери чогулган.

Анда БШКнын башчысы 11-апрелде өткөн шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу айтып берген.

"Ош шаарынан БШКга жалпысынан 89 арыз түштү, анын ичинен тогузу добуш сатып алуу боюнча даттанган. Бул мурунку шайлоолорго салыштырмалуу алда канча аз", — деди Шайлдабекова.

Ошондой эле ал тийиштүү мамлекеттик органдардын жана кызматтардын жетекчилерине административдик ресурс колдонууга, добуш берүү күнү жана анын алдында мыйзам бузууларга жол бербөө иштерин күчөтүү зарылчылыгын эскертти. Аны менен катар санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө дыкат көңүл буруу керектигин белгиледи.

Ал эми мэр "резина" батирлер маселесин көтөрүп, жарандардын бир эле дарекке массалык түрдө каттоого турушуна бөгөт коюу боюнча катуу тапшырма бергени айтылат.

Эске салсак, буга чейин БШК 11-апрелде өткөн Токмок, Ош жана Бишкек шаардык кеңештерине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга массалык мыйзам бузуулар себеп болгон.

Кайра шайлоо 11-июлга белгиленди.

143
Белгилер:
эскертүү, эреже, Нуржан Шайлдабекова, Ош шаары
Тема:
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо
Тема боюнча
Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна 17 партия аттанды. Тизме
Бишкек шаары. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

0
15-июнга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз кээ бир райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас өрөөнүндө +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарында +18…+23 градуска жогорулайт.

Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +32…+34 градуска жетет.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы