Садыр Жапаров үч күн Баткен менен Ошту кыдырат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров иш сапары менен Баткен облусунда. Архив
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Баткен облусунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жазылуу
Жапаров 27-29-май күндөрү эки облусту кыдырып, мамлекеттик чек ара тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетүү аракетин көрөт.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өлкө башчынын малымат кызматынан кабарлашты.
Жапаров аталган эки облусту 27-29-май күндөрү кыдырмакчы.
Өлкө башчы чек ара айылдарынын тургундары менен жолугушуп, мамлекеттик чек ара тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетүү аракетин көрөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0