Улукбек Марипов Беларуска барат. Коштоп кетчүлөрдүн тизмеси

© Пресс-служба правительства / Алишер Алиевремьер-министр Кыргызской Республики Улукбек Марипов
ремьер-министр Кыргызской Республики Улукбек Марипов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жазылуу
Иш-чаранын жүрүшүндө Марипов Азербайжандын премьер-министри Али Хидаят оглы Асадов менен өзүнчө жолугат.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Беларусь Республикасынын Минск шаарында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчылары менен делегация мүчөлөрү интеграция жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланыштуу маселелерди талкуулашат.
Иш-чаранын жүрүшүндө Марипов Азербайжандын премьер-министри Али Хидаят оглы Асадов менен өзүнчө жолугат. Алар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты талкуулашары айтылды.
"Мындан тышкары, делегация башчыларын Беларусь мамлекетинин президенти Александр Лукашенко кабыл алат", — деп айтылат маалыматта.
Кыргыз делегациясынын курамына киргендердин тизмеси:
  • Улукбек Кармышаков — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри;
  • Эрмек Ибраимов — Кыргызстандын Беларустагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргызстандын КМШ уставдык жана башка органдардагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Нуран Ниязалиев — ички иштер министринин биринчи орун басары;
  • Айгүл Рыскулова — КМШ Экономикалык кеңешиндеги экономикалык маселелер боюнча комиссиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Айбек Айдарбеков — Кыргызстан президентинин администрациясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы.
Жаңылыктар түрмөгү
0