Сот Бишкектин экс-вице-мэри Алымкуловду 260 миң сомдук айыпка жыкты

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары Азиз Алымкулов. Архив
Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары Азиз Алымкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Жазылуу
Алымкулов жана УКМК кызматкери мыйзамсыз байыган жана Бишкектеги кымбат баалуу жер тилкелерди колдонууга берүүдө коррупциялык ишке барган деген шек менен кармалган.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары Азиз Алымкуловго 260 миң сом акчалай айып салынды. Бул тууралуу баш калаанын Биринчи май райондук соту билдирди.
Чечим 26-майда чыккан. Сот аны кылмыш жасаган деп тапкан. Вице-мэр жана УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмүнүн башчысы кармалып, камакка алынды.
Elite House курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Аскер прокуратурасы Тимур Файзиевге издөө жарыялады
Мурдагы вице-мэр менен УКМКнын кызматкери мыйзамсыз байыган жана Бишкектеги кымбат баалуу жер тилкелерди колдонууга берүүдө коррупциялык ишке барган деген шек менен кармалган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, жогорку кызматтагы адамдар дагы башка кызматтагылар менен сүйлөшүп алып Бишкек шаарынын мэриясында иштегендерге басым жасаган. Алар жер участокторун тааныш адамдарына каттатууга аракет кылышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0