Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен

Марипов КМШ өкмөт башчылары менен жолукканда мөңгүлөрдүн эриши боюнча кеп козгоду

63
(жаңыланган 19:48 28.05.2021)
Улукбек Марипов акыркы кезде, тилекке каршы, климат өзгөрүп, мөңгүлөр эрип жана алардын аянты кыскарып жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Экономиканын мындан ары өнүгүшү жаратылыш ресурстарын сактоо, тоо-кен тармагындагы жер казнасын пайдалануу саясатын туура жана ачык-айкын жүргүзүү менен тыгыз байланыштуу. Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

Ал Минск (Беларусь) шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты.

"Акыркы мезгилде биз климаттын өзгөрүшүнө, мөңгүлөрдүн эришине жана алардын аянтынын кыскаруусуна күбө болуп жатабыз. Буга байланыштуу аларды сактоо боюнча чараларды өз убагында көрүү маанилүү болуп калды. Себеби бул нерсе КМШга мүчө өлкөлөрдүн калкынын жашоо шартына жана сапатына түздөн-түз таасир этет", — деди Марипов.

Ал ошондой эле КМШ мамлекеттеринин калкынын иш менен камсыз болушуна көмөктөшүү жаатында кызматташуу жөнүндө келишимди эске салды.

"Бул келишим жумушсуздуктун деңгээлин кыскартууга, жарандардын эркин жүрүүгө болгон укуктарын камсыз кылууга жана эмгек миграциясы жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет деп ишенебиз. Эл аралык сапарлар үчүн "COVID-19суз саякаттайм" санариптик платформасынын ишке киргизилиши натыйжалуу болду. Аталган тиркеменин жөнөкөй жана ыңгайлуу экенин эске алуу менен, аны эл аралык каттамдагы поезддерде дагы пайдалануу зарыл деп эсептейбиз", — деди өкмөт башчы.

Жолугушуунун жыйынтыгында, КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын 2021-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.

63
Белгилер:
жыйын, кеңеш, КМШ, Минск, Кыргызстан
Тема боюнча
Марипов баштаган премьерлер Лукашенко менен жолукту
Учурда Кумтөр кенинде иш кандай жүрүүдө. Видео, сүрөттөр
Пакистандын Ran Haward порту. Архив

Пакистан Кыргызстанга өз портторун колдонууга уруксат берүүгө даяр

174
Кыргызстан менен Пакистандын тышкы иштер министрлери 18-июнда өткөн Анталия дипломатиялык форумунун аянтчасында жолукту.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев пакистандык кесиптеши Макдум Шах Махмуд Хуссейн Куреши менен жолугуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Министрлер 18-июнда өткөн Анталия дипломатиялык форумунун аянтчасында жолукканын ТИМден билдиришти.

Алгач Казакбаев бул өлкөнүн кара тизмесинен медицина кызматкерлерин даярдап чыгарган Кыргызстандагы төрт жогорку окуу жайды чыгаруу тууралуу өтүнүчүн айтты.

Министр Куреши Казакбаевди Исламабадга расмий сапар менен барып кетүүгө чакырып, Пакистан Кыргызстанга Карачи жана Гвадардагы деңиз портторун колдонууга кол кабыш кылууга даяр экенин билдирди.

“Пакистан — Кытай — Кыргызстан — Казакстан” төрт тараптуу транзиттик келишимин активдештирүү зарыл”, — деди Куреши.

Ошондой эле тараптар быйыл Афганистандан эл аралык коалициянын аскерлери чыкканына байланыштуу терроризмге, баңгизат сатууга каршы жана аймактык коопсуздук боюнча биргелешип иштешүү керектигин билдиришти.

Пакистан, Кытай, Кыргызстан жана Казакстандын ортосундагы транзиттик жүк ташуу боюнча келишим 1995-жылдын 9-мартында Исламабад шаарында түзүлгөн. Ал бир нече жыл иштеп, кийин 10 жылга токтоп калган. 2017-жылдан бери документ кайрадан күчүнө киргени айтылып келе жаткан.

174
Белгилер:
кызматташуу, экономика, порт, жол, Руслан Казакбаев, Пакистан, Кыргызстан
Тема боюнча
Чүйдө кыргыз-түрк өнөр жай аймагын ачуу пландалып жатат
Иран жана Австриядагы элчилер кызматтан кетип, жаңылары дайындалды
БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш. Архив

Кыргызстан БУУнун башкы катчысы Гутерриштин кызматта калышын колдоду

77
(жаңыланган 15:13 19.06.2021)
Кечээ Гуттериш беш жылдык мөөнөткө кайрадан эл аралык уюмдун башкы катчылыгы кызматына бекиди. Ал бул ишке 2017-жылы киришип, ошол жылы Кыргызстанга келип кеткен.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстан БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерришти ушул эле кызматта дагы беш жыл иштешин колдоду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

18-июнда эл аралык уюмдун Башкы ассамблеясынын отуруму болгон. Анда Гуттериштин кызматтык мөөнөтүн 2022-жылдын 1-январынан 2026-жылдын 31-декабрына чейин узартуу резолюциясы кабыл алынган.

Процедура боюнча ушул жылдын 8-июнунда БУУнун Коопсуздук кеңеши Антониу Гутерришти башкы катчы кызмат ордуна талапкер катары бир добуштан жактырып, уюмдун Башкы ассамблеясына аны экинчи мөөнөткө дайындоону сунуш кылган. Ал башкы катчылыкка жалгыз талапкер эле.

Гутерриш 2017-жылы бул кызматка дайындалып, ошол жылы Кыргызстанга келип кеткен.

77
Белгилер:
колдоо, дайындоо, кызмат, Антониу Гутерриш, БУУ, ТИМ, Кыргызстан
Тема боюнча
БУУнун башкы катчысы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча үн катты
Бишкектеги түнкү жарыш. Архивдик сүрөт

Бишкекте түнкү жарыш старт алды. Сүрөт

0
(жаңыланган 22:29 19.06.2021)
Башында мелдеште 2000дей кишинин чуркашы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500үн кыскартууну чечишкен.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бишкекте бүгүн, 19-июнда, Toyboss Night Run 2021 түнкү марафону старт алды.

  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Бишкекте бүгүн, 19-июнда, Toyboss Night Run 2021 түнкү марафону старт алды
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектинин бир бөлүгүндө өтөт
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Башында 2000дей кишинин чуркашы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500үн кыскартууну чечишкен
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Мелдешти Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда.
    © Sputnik / Эркин Садыков
1 / 4
© Sputnik / Эркин Садыков
Бишкекте бүгүн, 19-июнда, Toyboss Night Run 2021 түнкү марафону старт алды

Жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектинин бир бөлүгүндө өтөт.

Башында 2000дей кишинин чуркашы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500үн кыскартууну чечишкен.

Мелдешти Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда. Баш калаада жарыш үчүнчү ирет өтүүдө.

Белгилей кетчү жагдай, быйылкы жарышта катышуучулардан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Кара-Балтадагы Улуттук Кызыл Ай коомунун балдар кризистик борборуна берилет. Аталган жайда эки жаштан 18 жашка чейинки 25 бала жашайт. Алар жетим балдар, мигранттардын балдары жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болуп саналат.

Спорттук иш-чарада каалоочулар футболка, рюкзак сатып алып же диагностикадан өтүп балдар борборуна жардам бере алышат.

0
Белгилер:
спорт, жарыш, Бишкек
Тема боюнча
Көпкө күттүргөн жарыш. "Жаз деми" марафонунан видео