Мурдагы башкы чекист Абдил Сегизбаев. Архив

Жактоочу: Сегизбаев пневмония болуп учурда оор абалда ооруканада жатат

197
(жаңыланган 00:12 29.05.2021)
Турдалиев дарыгерлердин бүтүмү чыккандан кийин Сегизбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сотко кайрыларын кошумчалады.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Мурдагы башкы чекист Абдил Сегизбаевге коронавирус инфекциясы жугуп, учурда оор абалда Бишкек шаарындагы №6 ооруканада кызыл зонада УКМКнын кызматкерлеринин кайтаруусунда жатат. Бул тууралуу анын жактоочусу Кантемир Турдалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Өткөн жума күндөн бери эти ысып жаткан. Дүйшөмбү күнү УКМКнын Тергөө абагынын жетекчисинен аны ооруканага алып кетүү туурасында суранып, ошол эле күнү ооруканага жаткан. Дарыгерлер мага Сегизбаевдин эки өпкөсү тең пневмония болуп калганын айтышты. Ал мага мурда айтпаган башка оорулары да болгону аныкталды", — деди Турдалиев.

Ал Сегизбаевдин баш коргоо чарасы боюнча сотко кайрыларын кошумчалады.

"Дарыгерлердин бүтүмүн алгандан кийин соттон анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, жакшыраак дарыланышы үчүн үй камагына алууну суранам", — деди жактоочу.

УКМКнын мурдагы жетекчисинин ооруп калганы боюнча маалыматты аталган комитеттин басма сөз кызматы тактап жатканын айтышты.

Сегизбаев учурда УКМКнын тергөө абагында отурган. Мындан сегиз күн мурда болгон сот жараянында аны 25-июлга чейин аталган жайда калтыруу боюнча чечим чыккан.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевге карата алты кылмыш иши козголгонун, бир иш жашыруун грифи менен өтүп жатканын кабарлаган. Көбү атайын кызматтагы ишмердүүлүгүнө, ошондой эле жерлерди мыйзамсыз алууга байланыштуу.

Сегизбаев президенттикке талапкер болгон. Шайлоодон эки жума өткөндөн кийин, 25-январда, кармалган.

197
Белгилер:
коронавирус, тергөө абагы, УКМК, Абдил Сегизбаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Суракматовду эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизишти
Аскер прокуратурасы Тимур Файзиевге издөө жарыялады
Сот Бишкектин экс-вице-мэри Алымкуловду 260 миң сомдук айыпка жыкты

Россиянын аскер учагы Кара деңизде британиялык кемени кантип токтотту. Видео

125
(жаңыланган 23:54 23.06.2021)
Россиянын Коргоо министрлиги Кара деңизде Улуу Британиянын Degender эсминецинин үстүнөн аскер учагы кантип учуп өткөнүн көрсөттү.

Кеме бүгүн Кара деңизден чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Россиялык учкучтар эскертүү катары эсминецтин жолун аткылап, авиабомба таштаган.

Ошондой эле кеменин өзүнө карата курал колдонуларын эскерткен.

Британия эсминец тынчтык жүрүшү менен бара жатканын айткан. Ал эми Россия бул окуя учурунда БУУнун деңиздеги укуктар боюнча 1982-жылкы конвенция бузулду деп эсептейт.

125
Белгилер:
чек ара, учак, кеме, деңиз, Улуу Британия, Россия
Тема боюнча
Кара деңизге жеткирилген артиллериялык, десанттык кемелер. РФ флоту эмнени көздөөдө?
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ишкерлер менен болгон жолугушуу учурунда

Алдап жүргөн. Жапаров энергетика министрин иштен кетирген себебин айтты

355
Мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев ээлеген ордунан 8-июнь күнү бошотулган. Аталган кызматка ал ушул жылдын февраль айында келген. Эми бул министрликти Доскул Бекмурзаев башкарып жатат.

БИШКЕК, 23-июн.— Sputnik. Кубанычбек Турдубаев Энергетика министрлигинен берилген тапшырмаларды аткарбаганы үчүн кетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров ишкерлер менен болгон жолугушууда билдирди.

Эске салсак, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев ээлеген ордунан 8-июнь күнү бошотулган. Аталган кызматка ал ушул жылдын февраль айында келген. Эми бул министрликти Доскул Бекмурзаев башкарып жатат.

Жолугушууда ишкер Рахат Ирсалиев ири ГЭСтер чоң суммадагы каражатка салынарын айтып, кичи гидроэлектростанцияларды ички инвесторлордун күчү менен курууга боло турганын белгилеген. Бирок ал үчүн мамлекет тарифтерди бекитип, 100 пайыз иштелип чыккан электр энергиясын сатып алуусу керек.

Анын айтымында, мамлекеттен эч нерсе кереги жок. Бул жерде өлкө бир да тыйын коротпойт. Кичи ГЭСти бир жыл ичинде, ал эми чоң станцияларды 10 жыл же андан ашык убакытта куруп бүтсө болот.

Ал Жапаровго январдагы сүйлөшүүнү эскертти. Анда президент сунуш болсо киргизүүнү айткан. Мындан улам февраль айында ишкер сунуштарын Энергетика министрлигине киргизгенин айтып, бирок маселе чечилбей калганын кошумчалаган.

Жапаров буга жооп берип, Ирсалиев туура айтып жатканын белгиледи.

"Ноябрь-декабрда ошол кездеги министрди чакырып, кичи ГЭСтерден мамлекет электр энергиясын түз сатып алыш үчүн Рахат Ирсалиев менен жолугушуу уюштургам. Ирсалиев үч жыл ичинде үч кичи гидроэлектростанция курган. Бирок мамлекет электр энергияны сатып албай, линияга кошпой, эч нерсе кылган эмес. Ошол себептен ал айласы кетип электр энергияны майнингге койгон. Мен министрге киловатт-саатын 2,9 сомдон сатып алуу боюнча келишим түзүү тапшырмасын бергем", — деди президент.

Андан ары Жапаров сөзүн улап министр ага маселе чечилгенин ишенимдүү түрдө айтканын белгиледи.

"Эки айдан кийин ошол эле министрден сурасам, ал келишим түзүлгөнүн, кичи ГЭС боюнча маселе чечилгенин айткан. Мен маселе чын эле чечилди го деп ойлогом. Бир ай мурда мен силерге өзүм чалып, "маселе чечилди беле" деп сурасам, силер "жок" деп айттыңар. Мен министр менен кайра сүйлөшүп, себебин сурасам, ал ишенимдүү түрдө "маселе чечилген" деп калп айтып койгон. Бул министрдин кызматтан кетүүсүнүн бир себеби болду", — деди Жапаров.

Президент электр энергияны кичи ГЭСтерден сатып алуу зарылдыгына токтолуп, болбосо эч ким кичи ГЭС курбай коерун айтты. Мамлекет башчы "жолугушууга азыркы энергетика министри катышып жатабы" деп сураганда, анын орун басары бар экенин айтышты.

Жапаров келишим түзүү жана баа маселесин жума күнү саат 17:00гө чейин чечүү керектигин тапшырып, ал боюнча отчёт берүүнү эскертти.

"Силерге эки күн мөөнөт берем. Эгер чечпей, убакытты чоюп жүрө берсеңер, бюрократия болсо, анда жетекчилик толук курам менен арыз жазып мага келгиле. Эгер жарлык, мыйзамдарды аткарбасаңар, анда кызматтан жөн эле кетпестен кармаласыңар. Муну баарыңардын көзүңөрчө айтып коёюн. Мурда ишкерлер министр же башка мамлекеттик кызматкердин артынан чуркаса, эми инвесторлордун артынан силер чуркашыңар керек", — деди ал.

Өлкө башчы мамлекет кызматкерлерди пара алуу деген психологияны өзгөртүүгө чакырды.

355
Белгилер:
электр энергиясы, кызмат, министр, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жоймой болду
Бизнеске кысым болууда! Садыр Жапаров экономиканы өнүктүрүүнүн жолдорун айтты