Жапаров эки министрликтин аталышын өзгөрттү

© Sputnik / Акылбек БатырбековДеятельность Правительства Кыргызстана
Деятельность Правительства Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
Жазылуу
Жарлык башкаруу системасын оптималдаштыруу максатында чыгарылып, жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирери айтылды.
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө" жарлыгына өзгөртүү киргизип, эки министрликтин аталышын өзгөрттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Эми Айыл чарба, токой жана суу чарба министрлиги Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги деп аталып калды. Ал эми Инвестицияларды коргоо жана илгерилетүү министрлиги жөн гана Инвестициялар министрлиги болот.
Жарлык башкаруу системасын оптималдаштыруу максатында чыгарылып, жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирери айтылды. 
Жаңылыктар түрмөгү
0