Президент Кыргызстана Садыр Жапаров в рабочем кабинете

Садыр Жапаровдун администрациясынын түзүмү. Бөлүмдөрдүн тизмеси

321
(жаңыланган 12:50 30.05.2021)
Жаңы Конституция боюнча ажо аткаруу бийлигинин башчысы болуп, президент менен өкмөттүн мурдагы аппараты өлкө башчынын бирдиктүү администрациясына айланды. Мындан улам президенттин администрациясында жаңы бөлүмдөр түзүлдү.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун администрациясында 26 бөлүм бар.

Эске салсак, 5-майда Кыргызстандын жаңы Конституциясына кол коюлуп, анда өлкө президенттик башкарууга өткөнү жазылган.

Жаңы Конституция боюнча ажо аткаруу бийлигинин башчысы болуп, президент менен өкмөттүн мурдагы аппараты, өлкө башчынын бирдиктүү администрациясына айланды. Мындан улам президенттин администрациясында жаңы бөлүмдөр түзүлдү.

Администрацияны Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт. Анын биринчи орун басары Медербек Сатыев. Мындан тышкары, үч орун басары бар. Алар: Бектур Зулпиев, Адылбек Касымалиев жана Жеңишбек Асанкулов.

Президенттин сайтында жазылгандай, администрациянын түзүмүнө президенттин кеңешчилери, маалымат катчы, өлкө башчынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Жогорку Кеңеш, Конституциялык сот, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн катчылыгындагы министрлер кабинети кирет.

Мындан тышкары, президенттин администрациясынын канцеляриясы жана министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгү дагы бар.

Бөлүмдөрдүн тизмеси:

  • маалыматтык саясат бөлүмү;
  • талдоо иштери жана маалыматтык камсыздоо бөлүмү;
  • президенттин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмү;
  • министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмү;
  • соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмү;
  • тышкы саясат бөлүмү;
  • эл аралык кызматташтык бөлүмү;
  • мамлекеттик, муниципалдык кызмат жана кадр саясаты бөлүмү;
  • инспектордук-контролдоо иштери бөлүмү;
  • уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү;
  • кадрлар бөлүмү;
  • жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү;
  • стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландоо бөлүмү;
  • экономика жана финансы бөлүмү;
  • агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмү;
  • өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмү;
  • курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар бөлүмү;
  • санариптик өнүктүрүү бөлүмү;
  • саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлүмү;
  • билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмү;
  • жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмү;
  • коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү;
  • иш кагаздарын жүргүзүү, регламент жана жыйналыштарды уюштуруу бөлүмү;
  • канцелярияга караштуу президенттин жана министрлер кабинетинин актыларын, башка актыларды редакциялоо жана котормо бөлүмү;
  • канцелярияга караштуу президенттин жана министрлер кабинетинин актыларын, башка актыларды чыгаруу бөлүмү;
  • канцелярияга караштуу президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин, башка актыларды аткарууну контролдоо бөлүмү.

Президенттин сайтынан бөлүм башчыларынын тизмесин көрүүгө болот.

321
Белгилер:
тизме, бөлүм, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров администрациясынын бөлүм башчыларын дайындады. Тизме

Камалып кетесиңер! Ара жолдо калган ишкерди колдогон Жапаровдун видеосу

84
(жаңыланган 13:28 25.06.2021)
Апта ортосунда президент Садыр Жапаров ар кыл тармакта өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ата мекендик ишкерлер менен жолугуп, алардын көйгөйүн угуп, суроолоруна жооп берди.

Жолугушууда өлкө башчысы бизнес өкүлдөрүнө шарт түзүп берүүгө, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга, мыйзамдарды өзгөртүп, инвестициялык климатта жакшыртууга кызыкдар экендигин билдирди.

Иш-чарада президент Ысык-Көл облусунда мындан үч жыл мурун эки кичи ГЭС курган жеке ишкер Рахатбек Ирсалиевдин суроосуна жооп берип жатып, анын маселесин чечпеген министр кызматынан кол жууганын айтты. Муну менен бирге башка мамлекеттик кызматкерлерге дагы катуу эскертүү берди.

"Рахатбек Ирсалиев үч жылда чакан ГЭСтен үчтү салган. Бирок андан өндүрүлгөн электр энергиясын мамлекет сатып албай, электр түйүнүнө кошпой келген. Анан айла жогунан ал биткоиндерди коюп алып иштеп келгенин билчүмүн. Мен кызматка келип эле министрге "келишим түз, булардан 2 сом 90 тыйындан сатып алалы" деп айткам. Ошол кезде импорттолгон электр энергиясы 2 сом 90 тыйын эле. Азыр 2 сом 70 тыйындан келишим түзүп жатабыз. Бир-эки ай өткөндөн кийин сурасам "келишим түзүлдү, чакан ГЭСтер менен маселе чечилди" деген. Ошол бойдон чечилди го деп жүргөм. Өткөндө, мындан 15 күн, бир ай мурун сизге чалып "маселе чечилген беле" десем "жок" дедиңиз. Мен кайра мурдагы министрге "эмнеге чечкен жоксуңар, мага чечилди деп маалымат бербедиңер беле" десем, "чечилген" деп дагы калп айтты. Мына, министрдин алмашканынын бир себеби ушул болду. Эми мындан ары саботаж кылып буйрук, мыйзамдарды аткарбай, бюрократия менен алектенсеңер жөн эле кызматтан кетпейсиңер, камалып кетесиңер", — деген Жапаров.

Ирсалиев 2018-жылы 730 миллион сомго Тоң районуна эки кичи ГЭС курган. Ишкердин ал гидроэлектростанциялары өндүргөн электр кубатын мамлекет сатып албай коюп, анын барбаган жери, какпаган эшиги калган эмес.

"Мен курган эки ГЭС үчүн мамлекеттик банктан алган насыямдын үстөк пайызы 2018-жылдан 2020-жылга чейин 500 миң долларды түзүп кетти. Бүгүнкү маалда мен аны төлөөгө аргасыз болуп жатам. Ошол себептен "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү токтоосуз киргизүү керек", — деди Ирсалиев.

Бир нече жылдан бери чечилбей келе жаткан маселени президент Энергетика жана өнөр жай министрлигине эки күндө чечүү тапшырмасын берген.

Эске салсак, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев ээлеген ордунан 8-июнь күнү бошотулган. Аталган кызматка ал ушул жылдын февраль айында келген. Эми бул министрликти Доскул Бекмурзаев башкарып жатат.

84
Белгилер:
ишкер, энергетика, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Президент: салык менен соцтөлөмдү азайткан мыйзам иштеп чыгууну тапшырдым
Бизнеске кысым болууда! Садыр Жапаров экономиканы өнүктүрүүнүн жолдорун айтты
Шайлоо участогундагы добуш берүүчү кабина. Архив

АШК Бишкек шаардык кеңешине аттанган үч партия, бир талапкерге эскертүү берди

38
(жаңыланган 12:48 25.06.2021)
Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүн көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ түшкөн арыздарды, социалдык тармактарга чыккан постторду караган.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы үч саясий партияга жана бир талапкерге оозеки эскертүү берди. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек АШКнын шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүн көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ түшкөн арыздарды, социалдык тармактарга чыккан постторду караган.

Анын натыйжасында үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштап жибергени үчүн "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан талапкер Кубанычбек Конгантиевге эскертүү берүү чечимин кабыл алган. Ал эми үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн "Ишеним", "Реформа" жана "Столица" партияларына да оозеки эскертүү берилген.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого 17 партия талапкерлигин көрсөткөн. Добуш берүү күнү 11-июлга белгиленген.

38
Белгилер:
эскертүү, үгүт, шайлоо, Бишкек
Тема:
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо
Тема боюнча
Бишкек, Ош жана Токмоктогу шайлоо кайра жылабы. Расмий органдардын жообу
Доллар жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт

Эсепсиз байыган. Бишкек мэриясынын жерине үй курду делген компания аныкталды

0
(жаңыланган 14:37 25.06.2021)
Юнусалиев жана Сухе-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги кымбат баалуу муниципалдык 0,95 гектар жер тилкеси махинациялык жол менен жеке менчикке өтүп кеткен.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кымбат баалуу жер тилкеси коррупциялык жол менен берилгендиктен бюджетке 170 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүнүн алкагында Бишкек шаардык мэриясынын 1999-жылдагы токтому менен Юнусалиев жана Сухе-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги кымбат баалуу муниципалдык 0,95 гектар жер тилкеси Н.А. аттуу жаранга ден соолукту чыңдоо борборун куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга мыйзамсыз берилгени аныкталган.

Бирок 2002-жылы мэриянын токтому менен кайра 49 жылга ижарага берүү шартына өзгөртүлгөн. Ал эми 2005-жылы жердин багыты көп кабаттуу үй курууга которулуп "А" компаниясына 83 миллион 520 миң 200 сомго сатылганы кабарланды.

"2013-жылы аталган компания Бишкек райондор аралык сотунун негизсиз чечими менен көрсөтүлгөн жерди муниципалдыктан жеке менчикке өткөрүп, көп кабаттуу үйлөрдү курган. Андагы батирлерди жарандарга кымбат баада сатып, мыйзамсыз түрдө эбегейсиз пайда тапкандыгы такталды. Жогорудагыдай татаалдаштырылган коррупциялык схема аркылуу муниципалдык кызматкерлердин, сот органдарынын жана жеке адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 173 миллион сомдук ири өлчөмдө зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча материалдар Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 319 ("Коррупция") жана 329-беренелери ("Кызматтык жасалмачылык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

0
Белгилер:
Башкы прокуратура, сатуу, сот, коррупция, жер тилкеси, Бишкек
Тема боюнча
Чүйдө 23 миллион сомдук социалдык объект Шопоков мэриясына өттү
Прокуратура 731 миң сомдук жер тилкеси ит бекер сатылганын аныктады