Депутат Нурбек Мурашев

Мурдагы айыл чарба министри Мурашев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди

229
(жаңыланган 10:58 31.05.2021)
Мурашев үч жылдай министр болуп иштеп элдин катуу сынына кабылган, мындан улам 2019-жылдын 24-майында өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арыз жазган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Депутат Жогорку Кенеша Нурбек Мурашев. 28 мая 2021 года
© Фото / пресс-служба ЦИК КР
Мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алды

Ал "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен парламентке келип жатат. Өткөн жумада Мурашевдин партиялашы Исхак Пирматов мандатын тапшырып кеткен. Андан соң БШК тизме боюнча кийинки катарда турган талапкер Мурашевге мандат берди.

Белгилей кетсек, Нурбек Мурашев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп турган кезде ага карата бир топ сын айтылган. 2018-жылы дыйкандар картошкасын беш сомго дагы сата албай калып, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков аны зекиген. Министрлик картошканын баасы көтөрүлөт дегени менен олуттуу жылыш болгон эмес. 2019-жылдын башында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы министрдин иш бөлмөсүнө чириген картошка алып барып, эмне үчүн бул жашылчанын баасы көтөрүлбөй жатканын сураган. Кийинчерээк ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев министрге "мындан ары чириген картошка кабинетке келбесин" деген талап коюп, эскертүү берген.

Бизнес жана базарлар ассоциациясы Мурашевге "Кара көлөч" антисыйлыгын ыйгарган. Ага мындай сыйлыкты тапшырууга Кыргызстандагы ишкерлер арасындагы сурамжылоонун жыйынтыгы жана картошка экспорттолбой,  арзандап кетиши негиз болгон.

Акыры 2019-жылдын 24-майында өз ыктыяры кызматтан кетүүгө арыз жазган. Мунун себебин элдин сыны жана ден соолугуна байланыштырган.

229
Белгилер:
мандат, парламент, Нурбек Мурашев
Тема боюнча
УКМК издөө жарыялаган Шералы Абдылдаев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди
Кара-Суунун жаңы акими кримтөбөлдүн өкүл баласы экенин ырастады
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Садыр Жапаров Түркмөнстанга барып, Тажикстанга да тие келери кабарланды

125
(жаңыланган 14:23 24.06.2021)
Мамлекет башчы 27-28-июнь күндөрү Түркмөнстанга барып, 28-29-июнда Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселелерди талкуулайт.

БИШКЕК, 24-июн. – Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 27-28-июнь күндөрү Түркмөнстанга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жапаров Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен тар жана кеңейтилген форматта жолугушуу өткөрөт.

“Эки өлкөнүн жетекчилери эки жана көп тараптуу кызматташууну, аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында иштешүүнү талкуулашат”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми 28-29-июнь күндөрү Садыр Жапаров Тажикстанга расмий сапары менен барып, Эмомали Рахмон менен жолугары кабарланды. Тараптар кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселелерди талкуулашат.

Буга чейин Жапаровдун Тажикстанга барарын Sputnik Тажикстан жазган. 

125
Белгилер:
чек ара, расмий сапар, Тажикстан, Түркмөнстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Садыр Жапаров июндун соңу менен Тажикстанга барат
Путиндин өкүлү Козак Бишкекке келип, Жапаровдун кабыл алуусунда болду
Президент Садыр Жапаров

Садыр Жапаров июндун соңу менен Тажикстанга барат

162
(жаңыланган 13:04 24.06.2021)
Ведомство иш-чараны чагылдыра турган жергиликтүү жана эл аралык ЖМК өкүлдөрүн аккредитациядан өтүүгө чакырган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Ушул жылдын 28-29-июнь күндөрү президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга расмий сапар менен барары күтүлүп жатат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Ведомство иш-чараны чагылдыра турган жергиликтүү жана эл аралык ЖМК өкүлдөрүн аккредитациядан өтүүгө чакырган.

Иш сапар тууралуу КР президентинин администрациясы менен ТИМи азырынча маалымат бере элек.

162
Белгилер:
Тышкы иштер министрлиги, расмий сапар, Тажикстан, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Алдап жүргөн. Жапаров энергетика министрин иштен кетирген себебин айтты
Жапаров бизнесмен Баляндын иши боюнча айтып берди

"Россия сегодня" 80 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Видео

0
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги бүгүн 80 жылдыгын белгилеп жатат. Эл аралык алдыңкы медиагруппанын тарыхы 80 жыл мурда, Совинформбюро түзүлгөндө башталган.

Ондогон жылдардан берки убакыт аралыгында агенттиктин аталышы "Новости", РИА "Новости", "Россия сегодня" болуп өзгөрдү. Бирок журналистиканын жогорку деңгээли менен ишке болгон жоопкерчилик ошол бойдон калды.

"Россия сегодня" 200 шаарда иш алып барып, 32 тилде, күнү-түнү Россияда жана дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктар менен кабардар кылат.

0
Белгилер:
маалымат агенттиги, "Россия Сегодня" ЭМА
Тема боюнча
"Өздүгүн жашырууга аракет кылган". Facebook кимдин цензурасынан өтөт?