УКМК Өмүрбек Бабановду кармады

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов. Архив
Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Жазылуу
Саясатчы жана бизнесмен Өмүрбек Бабанов Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык иштерге барган деп айыпталууда.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кумтөр долбоорун ишке ашырууда коррупциялык ишке барган деген шек менен Өмүрбек Бабанов кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашыруудагы коррупциялык фактылар тууралуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөөнү улантууда.
"Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде 2021-жылдын 31-майында Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмышка шектүү деп мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалды", — деп айтылат маалыматта.
УКМК бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымдап турат.
Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов 2011-жылдын октябрь айынан 2012-жылдын сентябрына чейин Кыргызстандын премьер-министри болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0