Садыр Жапаровдун Түркияга барары айтылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГосударственный визит президента Кыргызстана Садыра Жапарова в Казахстан
Государственный визит президента Кыргызстана Садыра Жапарова в Казахстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Президенттин иш сапары тууралуу маданият министри менен Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин жолугушуусунда маалым болгон.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Түркияга барышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Азырынча Жапаров Түркияга качан барары тууралуу так маалымат жок. Иш сапар боюнча маданият министри Кайрат Иманалиев менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Догандын жолугушуусунда маалым болгон.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Жапаров: Кыргызстан менен Россия — түбөлүк союздаш өлкөлөр
Министр өз сөзүндө дипломатия менен Маданият министрлигинин миссияларынын окшоштугун, алардын ишмердүүлүгү эки мамлекеттин достугун чыңдоого багытталгандыгын белгилеп, эки өлкөнүн элдерин бириктирүүчү көпүрөнүн бири экендигин кошумчалады.
Сүйлөшүүнүн башында министр элчиге ушул жылдын апрель айында Түркия Республикасына жасаган иш сапарында Маданият жана туризм министрлигинин, ошондой эле Спорт жана жаштар министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуу жөнүндө маалымдады.
Ошондой эле тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, тактап айтканда, маданият, маалымат, спорт жана жаштар жаатындагы кыргыз-түрк кызматташтыгын чыңдоодогу өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы багыттарын белгилешти.
Жаңылыктар түрмөгү
0