Акылбек Жапаров экономика жана финансы министри болуп дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри болуп дайындалган Акылбек Жапаров. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри болуп дайындалган Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын депутаты. Кумтөр кениндеги ишмердүүлүктү изилдеген мамлекеттик комиссияны жетектейт.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. 
Буга чейинки экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0