Адвокат: Орхан Инандыны уурдап, Бишкекте кармап турушат деген маалымат бар

© Фото / пресс-служба МОУ "Сапат"Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды. Архив
Эл аралык Сапат билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Жактоочунун айтымына караганда, Орхан Инанды таасирдүү адам болгону менен эч качан саясатка аралашкан эмес.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Такталбаган маалыматтарга караганда, "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны Бишкектин ичинде эле бир жерде кармап турушат. Бул туурасында "Сапат" мекемесинин жактоочусу Зоотбек Кудайбергенов маалымат жыйында билдирди.
"Автоунаа Октябрь районунун аймагынан табылды. Анын ичинде телефон аппаратын кошкондо бир топ баалуу буюмдарга эч ким тийбей ошол тейде калгандыгы уурдагандардын пайда табуу максатын көздөбөгөндүгүн көрсөтүп турат. Бул резонанстуу иш. Окуяны көргөн күбөлөр болсо керек. Көргөн-билгендериңерди бизге билдирип коюуну өтүнөбүз. Бизде Инанды бир катар кишилер менен болгону туурасында маалымат бар. Аны ИИМге айттык", — деди жактоочу.
Кудайбергеновдун айтымында, Орхан Инанды таасирдүү адам болгону менен эч качан саясатка аралашкан эмес.
Государственный визит президента Кыргызстана Садыра Жапарова в Казахстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Садыр Жапаровдун Түркияга барары айтылды
"Ал 2012-жылдан бери Кыргызстандын жараны. Орхан Инанды саясатка эч качан аралашкан эмес. Партиялар таасири күчтүү болгондуктан ага өтүнүч менен кайрылышкан. Бирок анын аралашканы боюнча бир дагы маалымат жок. Буга чейин коркутуп-үркүтүүлөр болбосо да айдоочу-күзөтчү алып жүргөн. Ал күнү күзөткөн кишинин тууганы кырсыктап, суранып кеткен", — деп айткан жактоочу.
Ал "Сапатта" Инандынын дайынсыз болуп жатканы саясатка байланыштуу деген маалыматтар жок экендигин айтты.
"Саясий, экономикалык, түрдүү версияларды караш керек. ИИМдин өкүлдөрү менен сүйлөштүм, алар ар кыл версияларды эске алып, издөө иштерине активдүү киришти", — деди ал.
Бүгүн Бишкекте "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инандынын дайынсыз болуп жатканы кабарланды. Бул маалыматтан кийин президент Садыр Жапаров аны издөө боюнча кошумча күч тартууну тапшырды. Анын автоунаасы 12-кичи райондо эшиги ачык калган тейде табылганы айтылган. Атасынын жоголгону боюнча уулу арыз жазган.
Жаңылыктар түрмөгү
0