"Манас" аэропорту шек жараткан түрк учагы 2 ай мурда эле келгенин кабарлады

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАэропортто түрк авиакомпаниясынын учагы. Архив
Аэропортто түрк авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Айрым интернет-колдонуучулар кечээ Түркиядан Кыргызстанга атайын борт учуп келгени боюнча жазышууда.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту" ишканасынын маалымат кызматы социалдык тармактарда талкууланып жаткан учак боюнча билдирүү таратып, самолет Түркиядан эки ай мурда эле учуп келгенин кабарлады.
Айрым интернет-колдонуучулар учактардын каттамын көрсөтүп турган Flightradar24 порталына таянып кечээ Түркиядан Бишкекке атайын борт учуп келгени боюнча жазышууда. Айрымдар "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны уурдап, өлкөдөн чыгарып кетүү үчүн келген жокпу деген божомолдорун айтышууда. 
"Аталган самолет кечээ Түркиядан келди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул борт 1-апрелде учуп келип, ошол бойдон Кыргызстандан чыккан эмес. Бүгүн абага көтөрүлүп окуу-машыгуу үчүн колдонулду, тагыраак айтканда, экипаж экзамен тапшырды", — деп жазылат билдирүүдө.
Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Изделип жаткан Орхан Инанды тууралуу эмне белгилүү. 8 факты
Бүгүн, 1-июнда, Бишкекте "Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инандынын дайынсыз болуп жатканы кабарланды. Атасынын жоголгону боюнча уулу милицияга арыз жазган. Анын автоунаасы 12-кичи райондо эшиги ачык калган тейде табылган. Ал арада президент Садыр Жапаров издөө иштерине кошумча күч тартууну тапшырды.
Издөөгө УКМК да көмөктөшүүдө. Ошондой эле атайын кызмат мындан эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү акча талап кылуу үчүн Инандыны издегенин айтты.
Орхан Инанды Түркияда туулган, учурда Кыргызстандын жараны.
Жаңылыктар түрмөгү
0