Айрым жетекчилер өткөндөн сабак алган жок! Жапаров Ош мэрин кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров принял мэра Оша Таалайбека Сарыбашова
Президент Садыр Жапаров принял мэра Оша Таалайбека Сарыбашова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Өлкө башчысы Ош шаарынын жетекчисине алдыдагы кайра шайлоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле шаардыктардын турмушу тууралуу маалымат алды.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду кабыл алып, түштүк калаада кайрадан өтчү шайлоодо аткаминерлерге административдик ресурстарды колдонууга жол бербөө тапшырмасын койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду кабыл алды
Президент Садыр Жапаров принял мэра Оша Таалайбека Сарыбашова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду кабыл алды
Жапаров шайлоонун ачык-айкындыгын толук камсыз кылууну талап кылды.
"11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо айрым жетекчилер өткөн окуялардан сабак албай, мыйзам бузууларга жол берди. Буга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылды. Кайра шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү учурунда мыйзамдуулуктун, жарандардын укугу менен эркиндигинин, коомдук коопсуздуктун, санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу боюнча бардык чаралар көрүлсүн", — деди Жапаров.
Добуш берип жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Бишкек, Ош жана Токмокто шаардык кеңешке кайра шайлоо. Календарь
Мындан тышкары, президент Ош шаарынын тургундарынын жашоосуна түздөн-түз таасир этчү калааны өнүктүрүү программаларын өз убагында ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи.
Сарыбашов шаардыктардын жашоосун жакшыртуу, аларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча муниципалдык органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.
Эске салсак, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында жергиликтүү кеңешке кайрадан шайлоо 11-июлга белгиленген. Буга чейин БШК аталган шаарларда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечим кабыл алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0