Алмазбек Бейшеналиев президенттин жарлыгы менен жаңы кызматка дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековАлмазбек Бейшеналиев
Алмазбек Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Өкмөт министрлер кабинети болгондон кийин билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин ордун Болотбек Купешев ээлеген.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын Женева шаарындагы БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Президенттин башка жарлыгы менен Данияр Мукашев Щвейцариядагы, Лихтенштейндеги, Сан-Маринодогу элчи кызматынан жана Кыргызстандын Женева шаарындагы БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулган.
Эске салсак, өкмөт министрлер кабинети болуп өзгөргөндөн кийин жаңы дайындооолор болуп, билим берүү жана илим министри болуп турган Алмазбек Бейшеналиевдин ордун Болотбек Купешев ээлеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0