Казакбаев канадалык министр менен Кумтөр тууралуу сүйлөштү

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүТышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
ТИМ башчысы Канаданын министри менен Кумтөр кенинин айланасындагы кырдаалды талкуулап, өлкө кандай инвесторлорго ачык экенин айткан.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев канадалык кесиптеши Марк Гарно менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кумтөр кенинин айланасындагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Сүйлөшүү Канада тараптын демилгеси менен ишке ашкан. Анын жүрүшүндө Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзгөнгө аракет кылып келери айтылган.
"Кумтөр" долбоорунун айланасындагы кырдаалды бир тараптуу кабыл алууга өбөлгө түзүүчү билдирүүлөрдү жасоодон алыс болуунун маанилүүлүгү белгиленди. Министр Руслан Казакбаев өлкөгө ак ниет бизнес жүргүзүүнү көздөгөн, улуттук мыйзамдарды сыйлаган жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасаган чет элдик инвесторлор чакырыларын айтты", — деп жазылат маалыматта.
Тараптар күн тартибиндеги башка маселелерди дагы талкуулашкан. 
Жаңылыктар түрмөгү
0