УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив

Ташиев: тажик тарап такталбаган жерге ээ болууга аракет кылып жатат

583
(жаңыланган 17:59 04.06.2021)
УКМК төрагасы чек ара маселелери буга чейин чечилбей келгендигин айтып, эми ага чекит коюу убагы келгенине токтолду.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы кыргыз-тажик чек арасынын 1100 гектар жери тактала элек. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев район эли менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ташиев чек ара маселелери буга чейин чечилбей келгендигин айтып, эми ага чекит коюу убагы келгенине токтолду.

"Унжу-Булактагы тактала элек 1100 гектар жер, алардын (Тажикстан — ред.) 1924 жана 1989-жылдагы картасы боюнча баары өтүп кеткен. Бирок биз аны тааныбай, бул жер биздин жер, тактала элек жер деп жатабыз. Ал эми такталган аймакка пост койгонбуз, андан ары жагы менен алардын постунун бери жагы тактала элек жер. Бирок акыркы учурда алар тактала элек аймакка кирип, өздөштүргөнгө аракет кылып жатат. Бүгүн да ошондой болду", — деди Ташиев.

Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип контейнер коё баштаган. Ошол эле учурда тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгону байкалган.

Кыргыз өкмөтү муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишими бузулганын белгилейт.

583
Белгилер:
Тажикстан, кыргыз-тажик чек арасы, Камчыбек Ташиев
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (299)
Тема боюнча
Ташиев жакын арада Тажикстандын УКМК төрагасы Ятимов менен жолугарын билдирди
Тажик тарап түн жамынып Чоң-Алайдагы чек арага контейнер орнотууда. Видео
Кумтор голд компани ишканасынын тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк. Архив

Бөлтүрүк: Кыргызстан Centerra менен бир гана шартта сүйлөшүүгө макул болот

166
(жаңыланган 18:48 21.06.2021)
"Кумтөр" компаниясынын тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк кыргыз тарап кайсы учурда канадалык компания менен сүйлөшүүгө макул болорун айтып берди.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кыргызстан Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчилиги өлкөнү экология жаатында чыгымга учуратканын моюндаганда гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу "Кумтор голд компани" ишканасынын тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк билдирди.

"Азырынча компания Кыргызстандын доо арызы менен чыгымын мойнуна ала элек. Мындан улам алардын жетекчилиги менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө негиз жок. Мен өкмөт менен президент кандай ойдо экенин билем, бул менин жеке пикирим эмес. Алар акыры бир чечимге келет деген ойдомун. Кыргыз тарап менен мурдагыдай теңсинбей сүйлөшүүгө жол берилбейт. Англисче айтканда, enough is enough (жетишет — ред.). Жетишет, бизди шылдыңдаганды токтотуш керек", — деди Бөлтүрүк.

Тышкы башкаруучу Centerra Кыргызстанды тең укуктуу өнөктөшү катары көрүшү керектигин кошумчалады.

"Мен Скотт Перри (Centerra компаниясынын президенти — ред.) менен директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүнө декабрда дагы, февралда дагы "Мындан ары диалог эмес, монолог болот. Силер биз айткыбыз келген нерсени угасыңар. Мына, комиссиянын чечими бар. Моюндасаңар, иштешебиз. Антпесе өкмөт кандай чечсе ошондой иш алып барабыз. Кенди өзүбүз башкарып, эл үчүн иштей баштайт" деп айткан элем", — деди Бөлтүрүк.

Ал ошондой эле канадалык компания мурдагы мамлекеттик комиссиянын Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн изилдөөгө багытталган сунуштарынын бардыгын четке кагып келгенин кошумчалады.

166
Белгилер:
Теңиз Бөлтүрүк, Centerra Gold Inc, кен, Кумтөр, Кыргызстан
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
Тема боюнча
Президент Жапаров: "Кумтөрдүн" эсебинен Нарын өнүктүрүү фонду түзүлөт
Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов. Архив

Бабанов абакта машыгып жатабы? УКМК интернетте тараган видео боюнча жооп берди

376
(жаңыланган 13:24 21.06.2021)
УКМК убактылуу кармоочу жай режимдик объект болуп саналгандыктан, анын ичинен сүрөт, видео тартууга болбой турганын айтты.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. УКМК Өмүрбек Бабанов атайын кызматтын абагында спорт менен машыгып жатат деген маалыматты төгүндөдү.

Жакында эле соцтармакка Бабановдун машыгып жаткан видеосу тараган. Кадрдан саясатчынын спорт залда экенин, артында атайын машыгуу үчүн жабдуулар турганын көрүүгө болот.

"Убактылуу кармоочу жай режимдик объект болуп саналат. Анын ичинде сүрөт, видео тартууга болбойт. Тараган видео материал фейк", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалып, 2-июнь күнү эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

376
Белгилер:
видео, спорт, машыгуу, УКМК, Өмүрбек Бабанов
Тема:
Өмүрбек Бабановдун камалышы
Тема боюнча
Таласта Бабановдун тарапташтары митингге чыкты. Сүрөт, видео
Автоунаалар Бишкек - ​​Ош трассасында бара жатат

Шейшембиге карата аба ырайы

0
22-июнга караган түнү өлкөнүн кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +24…+29, Талас облусунда +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +31…+36, Ысык-Көлдө +19…+24, Нарын чөлкөмүндө +18…+23 градуска жогорулайт.

Күндүн табы Бишкекте +26…+28, Ош шаарында +34…+36, Чолпон-Атада +18…+20 градус ысыйт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, июнь, аба ырайы
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы