Наряд өз аймагында турат. Тажикстан дагы Кыргызстандын элчисине нота тапшырды

© Фото / пресс-служба ГПС КРКыргыз-тажик чек арасындагы көзөмөл пункт. Архив
Кыргыз-тажик чек арасындагы көзөмөл пункт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Коңшу өлкөнүн ТИМи Тажикстандын аскерлери өзүнүн аймагында, буга чейин такталган жерде турганын билдирген.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Жаныш Рустенбековго нота тапшырды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды. 
Маалыматта кыргыз тарап "чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимди бузду" деген билдирүүсүнөн улам нота тапшырганы айтылат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Тажикстан Чоң-Алайдагы кырдаал боюнча өз версиясын билдирди
Коңшу өлкөнүн ТИМи аскердик наряд Тажикстандын өзүнүн аймагында, буга чейин такталган, эки тараптын биргелешкен протоколу менен макулдашылган жеринде турганын билдирүүдө.
Ошондой эле тажик аскерлери аймакты кайтарууга алып, наряд паритет (теңдик) принциби боюнча коюлганын белгилеген.
Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализоданы чакыртып, ага нааразычылык нотасын тапшырган. Анда кыргыз тарап эки өлкөнүн чек аралаш аймактарында эскалация болуп кетишине жол бербөө үчүн тажик тараптан Унжу-Булакка койгон контейнерин бузуп, аскерлерин жана аскердик техникаларын артка тартып кетүүнү талап кылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0