Кол коюу. Архивдик сурөт

Ташиев жана Ятимовдун чек ара боюнча макулдашкан протоколу жарыяланды

3625
(жаңыланган 19:10 05.06.2021)
Биргелешкен билдирүүдө кыргыз-тажик тараптар чек ара тилкесинде жаралган кырдаал тынчтык жолу менен чечилгенин маалымдайт.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан менен Кыргызстандын комиссиясынын биргелешкен билдирүүсүн жарыялады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июнда, "Карамык" чек ара тилкесинде эки тараптын мамлекеттик комиссияларынын башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдин жолукканы айтылат. Тараптар чек ара тилкесинде жаралган кырдаал тынчтык жолу менен чечилгенин билдирген.

Жыйынтыгында төмөнкүдөй протоколго кол коюлду:

  • Эки тарап тең чек ара постторун 3 чакырымга чейин артка тартып кетүү;
  • Аскер күчтөрүн, аскердик жабдууларды өзүнүн туруктуу жайгашкан жерине кайтаруу жана штаттык чек ара нарядын гана калтыруу;
  • Бул тилкедеги жайытты колдонуу боюнча чечим кабыл алынды;
  • Мамлекеттик чек арадагы бардык аракеттер тараптардын тең төрагалары менен алдын ала макулдашып жасалууга тийиш;
  • Тараптардын чек ара наряды жүрүм-турум эрежелерин сактоо;
  • Жалпыга маалымдоо каражаттарына эки тарап макулдашкан гана маалыматтарды берүү;
  • Топографиялык жумушчу топтун жетекчилерине кыргыз-тажик чек арасынын №12\2 тилкесинен №12\9 тилкесине чейин тактоо иштерин тез арада бүткөрүү тапшырмасы берилди;
  • Чек аралаш жашаган элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • Тараптар түзүлгөн протоколдун ар бир пунктун дыкат сактоого макулдашты.

Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип, контейнер коё баштаган. Ошол эле учурда тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгону байкалган.

Кыргыз өкмөтү муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишими бузулганын белгиледи.

Бирок Тажикстандын ТИМи аскердик наряд Тажикстандын өзүнүн аймагында, буга чейин такталган, эки тараптын биргелешкен протоколу менен макулдашылган жеринде турганын билдирүүдө.

Кечээ, 4-июнда, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Шибе жана Чулук айылынын тургундарын эвакуациялоо башталган.

Ал эми бүгүнтөн тарта көчүрүлгөн эл кайра айылдарына жеткириле баштаган.

Чек ара кызматы түн тынч өткөнүн кабарлаган.

3625
Белгилер:
кыргыз-тажик чек арасы, Камчыбек Ташиев, Чоң-Алай, чек ара
Тема боюнча
Ташиев: тажик тарап менен макулдаштык, Чоң-Алайдагы аскерлер артка кетет. Видео
Тынчсызданбагыла, чек ара күнү-түнү көзөмөлдө. Коопсуздук кеңештин катчылыгы үн катты

Камалып кетесиңер! Ара жолдо калган ишкерди колдогон Жапаровдун видеосу

89
(жаңыланган 13:28 25.06.2021)
Апта ортосунда президент Садыр Жапаров ар кыл тармакта өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ата мекендик ишкерлер менен жолугуп, алардын көйгөйүн угуп, суроолоруна жооп берди.

Жолугушууда өлкө башчысы бизнес өкүлдөрүнө шарт түзүп берүүгө, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга, мыйзамдарды өзгөртүп, инвестициялык климатта жакшыртууга кызыкдар экендигин билдирди.

Иш-чарада президент Ысык-Көл облусунда мындан үч жыл мурун эки кичи ГЭС курган жеке ишкер Рахатбек Ирсалиевдин суроосуна жооп берип жатып, анын маселесин чечпеген министр кызматынан кол жууганын айтты. Муну менен бирге башка мамлекеттик кызматкерлерге дагы катуу эскертүү берди.

"Рахатбек Ирсалиев үч жылда чакан ГЭСтен үчтү салган. Бирок андан өндүрүлгөн электр энергиясын мамлекет сатып албай, электр түйүнүнө кошпой келген. Анан айла жогунан ал биткоиндерди коюп алып иштеп келгенин билчүмүн. Мен кызматка келип эле министрге "келишим түз, булардан 2 сом 90 тыйындан сатып алалы" деп айткам. Ошол кезде импорттолгон электр энергиясы 2 сом 90 тыйын эле. Азыр 2 сом 70 тыйындан келишим түзүп жатабыз. Бир-эки ай өткөндөн кийин сурасам "келишим түзүлдү, чакан ГЭСтер менен маселе чечилди" деген. Ошол бойдон чечилди го деп жүргөм. Өткөндө, мындан 15 күн, бир ай мурун сизге чалып "маселе чечилген беле" десем "жок" дедиңиз. Мен кайра мурдагы министрге "эмнеге чечкен жоксуңар, мага чечилди деп маалымат бербедиңер беле" десем, "чечилген" деп дагы калп айтты. Мына, министрдин алмашканынын бир себеби ушул болду. Эми мындан ары саботаж кылып буйрук, мыйзамдарды аткарбай, бюрократия менен алектенсеңер жөн эле кызматтан кетпейсиңер, камалып кетесиңер", — деген Жапаров.

Ирсалиев 2018-жылы 730 миллион сомго Тоң районуна эки кичи ГЭС курган. Ишкердин ал гидроэлектростанциялары өндүргөн электр кубатын мамлекет сатып албай коюп, анын барбаган жери, какпаган эшиги калган эмес.

"Мен курган эки ГЭС үчүн мамлекеттик банктан алган насыямдын үстөк пайызы 2018-жылдан 2020-жылга чейин 500 миң долларды түзүп кетти. Бүгүнкү маалда мен аны төлөөгө аргасыз болуп жатам. Ошол себептен "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү токтоосуз киргизүү керек", — деди Ирсалиев.

Бир нече жылдан бери чечилбей келе жаткан маселени президент Энергетика жана өнөр жай министрлигине эки күндө чечүү тапшырмасын берген.

Эске салсак, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев ээлеген ордунан 8-июнь күнү бошотулган. Аталган кызматка ал ушул жылдын февраль айында келген. Эми бул министрликти Доскул Бекмурзаев башкарып жатат.

89
Белгилер:
ишкер, энергетика, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Президент: салык менен соцтөлөмдү азайткан мыйзам иштеп чыгууну тапшырдым
Бизнеске кысым болууда! Садыр Жапаров экономиканы өнүктүрүүнүн жолдорун айтты
Шайлоо участогундагы добуш берүүчү кабина. Архив

АШК Бишкек шаардык кеңешине аттанган үч партия, бир талапкерге эскертүү берди

40
(жаңыланган 12:48 25.06.2021)
Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүн көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ түшкөн арыздарды, социалдык тармактарга чыккан постторду караган.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы үч саясий партияга жана бир талапкерге оозеки эскертүү берди. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек АШКнын шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүн көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ түшкөн арыздарды, социалдык тармактарга чыккан постторду караган.

Анын натыйжасында үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштап жибергени үчүн "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан талапкер Кубанычбек Конгантиевге эскертүү берүү чечимин кабыл алган. Ал эми үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн "Ишеним", "Реформа" жана "Столица" партияларына да оозеки эскертүү берилген.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого 17 партия талапкерлигин көрсөткөн. Добуш берүү күнү 11-июлга белгиленген.

40
Белгилер:
эскертүү, үгүт, шайлоо, Бишкек
Тема:
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо
Тема боюнча
Бишкек, Ош жана Токмоктогу шайлоо кайра жылабы. Расмий органдардын жообу
Министр здравоохранения КР Алымкадыр Бейшеналиев на пресс-конференции о лечении коронавируса настойкой иссык-кульского корня (ядовитое растение)

Элчи менен сүйлөшкөнбүз. Министр Бейшеналиев QazVac вакцинасы тууралуу

0
Буга чейин Бейшеналиев өлкөгө казакстандык QazVac вакцинасы алып келинерин айткан. Көп өтпөй коңшу өлкөнүн өкмөтү бул маалыматты төгүндөгөн.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандын коронавируска каршы QazVac вакцинасы боюнча боюнча түшүндүрмө берди.

"Биз Казакстандын Кыргызстандагы элчиси менен сүйлөшкөнүбүздө вакцина берилет деп айткан", — деди министр.

Эске салсак, Бейшеналиев өтүп бара жаткан жуманын ичинде өлкөгө казакстандык QazVac вакцинасы алып келинерин айткан. Болгондо дагы жума же ишемби күнү вакцинанын 50 миң дозасы гумжардам катары келерин баса белгилеген.

Көп өтпөй коңшу өлкөнүн вице-премьери Ералы Тугжанов менен саламаттык сактоо министри Алексей Цой бул маалыматты төгүндөгөн. Алар Казакстан жакынкы айларда эч бир өлкөгө коронавируска каршы QazVac вакцинасын бербей турганын, бул тууралуу сөз дагы болбогонун билдиришкен.

0
Белгилер:
вакцина, Казакстан, коронавирус, Алымкадыр Бейшеналиев