Жаңы кодекстерди иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөсү Чолпонкул Арабаев

Арабаев: тарыхта алгач ирет кылмыш-жаза кодекстери кыргыз тилинде жазылды

71
(жаңыланган 14:10 07.06.2021)
Азыркы жумушчу топ мурдагылардан айырмаланып акы албастан кыска убакытта кодекстердин жаңы долбоорун иштеп чыкканы айтылды.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу кылмыш-жаза кодекстери кыргыз тилинде жазылды. Бул туурасында жаңы кодекстерди иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөсү Чолпонкул Арабаев билдирди.

Ал бүгүн президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында баяндама жасады.

"Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жетекчилиги астында учурда иштеп жаткан беш кодекске дыкат талдоо жүргүзүлүп, бир жарым айдын ичинде дем алышсыз иш алып бардык. Учурдагы кодекстерди иштеп чыккан жумушчу топ мурдагылардан айырмаланып акы албастан кыска убакытта иштеп чыгышты. Мамлекеттик тилде так жазылып, аталышы жана ички мазмуну талапка толук жооп берет. СССР мезгилинде, 30 жылдык эгемен тарыхта кылмыш-жаза мыйзамдары эч качан кыргыз тилинде жазылган эмес", — деди Арабаев.

Ошондой эле ал эксперттик топ долбоорлор Жогорку Кеңеш тарабынан канчалык эрте кабыл алынса, укуктук көйгөйлөрдөн арылып, туңгуюктан тезирээк чыгууга шарт түзүлөрүн кошумчалады.

71
Белгилер:
Чолпонкул Арабаев, кеңеш, кодекс, сот
Тема боюнча
Жапаров ЖКдан айрым мыйзам долбоорлорун кезексиз карап берүүнү суранды. Тизме
Жапаровдун катышуусу менен сот жана милицияны реформалоо боюнча жыйын өтүүдө

Россиянын аскер учагы Кара деңизде британиялык кемени кантип токтотту. Видео

286
(жаңыланган 23:54 23.06.2021)
Россиянын Коргоо министрлиги Кара деңизде Улуу Британиянын Degender эсминецинин үстүнөн аскер учагы кантип учуп өткөнүн көрсөттү.

Кеме бүгүн Кара деңизден чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Россиялык учкучтар эскертүү катары эсминецтин жолун аткылап, авиабомба таштаган.

Ошондой эле кеменин өзүнө карата курал колдонуларын эскерткен.

Британия эсминец тынчтык жүрүшү менен бара жатканын айткан. Ал эми Россия бул окуя учурунда БУУнун деңиздеги укуктар боюнча 1982-жылкы конвенция бузулду деп эсептейт.

286
Белгилер:
чек ара, учак, кеме, деңиз, Улуу Британия, Россия
Тема боюнча
Кара деңизге жеткирилген артиллериялык, десанттык кемелер. РФ флоту эмнени көздөөдө?
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ишкерлер менен болгон жолугушуу учурунда

Алдап жүргөн. Жапаров энергетика министрин иштен кетирген себебин айтты

432
Мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев ээлеген ордунан 8-июнь күнү бошотулган. Аталган кызматка ал ушул жылдын февраль айында келген. Эми бул министрликти Доскул Бекмурзаев башкарып жатат.

БИШКЕК, 23-июн.— Sputnik. Кубанычбек Турдубаев Энергетика министрлигинен берилген тапшырмаларды аткарбаганы үчүн кетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров ишкерлер менен болгон жолугушууда билдирди.

Эске салсак, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев ээлеген ордунан 8-июнь күнү бошотулган. Аталган кызматка ал ушул жылдын февраль айында келген. Эми бул министрликти Доскул Бекмурзаев башкарып жатат.

Жолугушууда ишкер Рахат Ирсалиев ири ГЭСтер чоң суммадагы каражатка салынарын айтып, кичи гидроэлектростанцияларды ички инвесторлордун күчү менен курууга боло турганын белгилеген. Бирок ал үчүн мамлекет тарифтерди бекитип, 100 пайыз иштелип чыккан электр энергиясын сатып алуусу керек.

Анын айтымында, мамлекеттен эч нерсе кереги жок. Бул жерде өлкө бир да тыйын коротпойт. Кичи ГЭСти бир жыл ичинде, ал эми чоң станцияларды 10 жыл же андан ашык убакытта куруп бүтсө болот.

Ал Жапаровго январдагы сүйлөшүүнү эскертти. Анда президент сунуш болсо киргизүүнү айткан. Мындан улам февраль айында ишкер сунуштарын Энергетика министрлигине киргизгенин айтып, бирок маселе чечилбей калганын кошумчалаган.

Жапаров буга жооп берип, Ирсалиев туура айтып жатканын белгиледи.

"Ноябрь-декабрда ошол кездеги министрди чакырып, кичи ГЭСтерден мамлекет электр энергиясын түз сатып алыш үчүн Рахат Ирсалиев менен жолугушуу уюштургам. Ирсалиев үч жыл ичинде үч кичи гидроэлектростанция курган. Бирок мамлекет электр энергияны сатып албай, линияга кошпой, эч нерсе кылган эмес. Ошол себептен ал айласы кетип электр энергияны майнингге койгон. Мен министрге киловатт-саатын 2,9 сомдон сатып алуу боюнча келишим түзүү тапшырмасын бергем", — деди президент.

Андан ары Жапаров сөзүн улап министр ага маселе чечилгенин ишенимдүү түрдө айтканын белгиледи.

"Эки айдан кийин ошол эле министрден сурасам, ал келишим түзүлгөнүн, кичи ГЭС боюнча маселе чечилгенин айткан. Мен маселе чын эле чечилди го деп ойлогом. Бир ай мурда мен силерге өзүм чалып, "маселе чечилди беле" деп сурасам, силер "жок" деп айттыңар. Мен министр менен кайра сүйлөшүп, себебин сурасам, ал ишенимдүү түрдө "маселе чечилген" деп калп айтып койгон. Бул министрдин кызматтан кетүүсүнүн бир себеби болду", — деди Жапаров.

Президент электр энергияны кичи ГЭСтерден сатып алуу зарылдыгына токтолуп, болбосо эч ким кичи ГЭС курбай коерун айтты. Мамлекет башчы "жолугушууга азыркы энергетика министри катышып жатабы" деп сураганда, анын орун басары бар экенин айтышты.

Жапаров келишим түзүү жана баа маселесин жума күнү саат 17:00гө чейин чечүү керектигин тапшырып, ал боюнча отчёт берүүнү эскертти.

"Силерге эки күн мөөнөт берем. Эгер чечпей, убакытты чоюп жүрө берсеңер, бюрократия болсо, анда жетекчилик толук курам менен арыз жазып мага келгиле. Эгер жарлык, мыйзамдарды аткарбасаңар, анда кызматтан жөн эле кетпестен кармаласыңар. Муну баарыңардын көзүңөрчө айтып коёюн. Мурда ишкерлер министр же башка мамлекеттик кызматкердин артынан чуркаса, эми инвесторлордун артынан силер чуркашыңар керек", — деди ал.

Өлкө башчы мамлекет кызматкерлерди пара алуу деген психологияны өзгөртүүгө чакырды.

432
Белгилер:
электр энергиясы, кызмат, министр, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жоймой болду
Бизнеске кысым болууда! Садыр Жапаров экономиканы өнүктүрүүнүн жолдорун айтты
COVID 19 үлгүлөрү менен иштеген лаборант. Архив

Өткөн суткада 822 кишиден коронавирус аныкталып, беш адам көз жумду

18
(жаңыланган 11:41 24.06.2021)
Азыркы тапта ооруканада дарыланып жаткандардын ичинен 100 бейтаптын абалы өтө оор экени айтылды. Бир суткада эле 21 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кечээтен бери Кыргызстанда 822 кишиден коронавирус аныкталып, 475 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 300;
  • Ош – 70;
  • Чүй облусу – 207;
  • Ош облусу – 93;
  • Талас облусу – 9;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 20;
  • Жалал-Абад облусу – 80;
  • Баткен облусу – 42.

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 118 106га жетти. Анын ичинен 106 858 киши дартты жеңген.

Айыккандар:

  • Бишкек – 183;
  • Ош шаары – 118;
  • Чүй облусу – 54;
  • Ош облусу – 70;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 6;
  • Жалал-Абад облусу – 22;
  • Баткен облусу – 16.

Тилекке каршы, өткөн суткада дарт беш адамдын өмүрүн алды:

  • Бишкек – 3;
  • Чүй облусу – 1;
  • Ош шаары – 1.

Жалпысынан оорудан 1 958 адам каза тапты.

Азыркы тапта стационарда 2 604 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 801 бейтап оор абалда болсо, 100 адамдын абалы өтө оор деп бааланды. Бир сутка ичинде 21 медиктен коронавирус табылганы кошумчаланды.

18
Белгилер:
стационар, бейтап, оору, статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Казак өкмөтү: Кыргызстанга вакцина берүү пландалган эмес
Индиялык адис: COVID-19дун "дельта-плюс" штаммы өтө тез жугат