Бажы кызматына жетекчи болуп Самат Исабеков келди

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик бажы кызматы. Архив
Мамлекеттик бажы кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Бүгүн жаңы төраганы экономика жана каржы министри  Акылбек Жапаров Бажы кызматынын өздүк курамына тааныштырган.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгына Самат Исабеков дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
Президенттин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Медербек Сатыев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Садыр Жапаровду актаган экс-судья жаңы кызматка дайындалды
Бүгүн, 2021-жылдын 7-июнунда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров бажы кызматынын өздүк курамына Исабековду тааныштырган.
Маалыматта Исабековдун 1996-жылдан бери бажы органдарында, ар кандай ыкчам кызматтарда иштегени, жетекчи болгону айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0