Зулушевге генерал-лейтенант наамына барабар болгон чин ыйгарылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев
Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2020-жылдын октябрь айында бийлик алмашкан соң Башкы прокурор болуп дайындалган.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев "Юстициянын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси" атайын чинине ээ болду.
Бул тууралуу көзөмөл органынын маалымат кызматынан билдиришти.
Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону айтылат.
“Башкы прокурорго юстициянын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси атайын чини ыйгарылды. Бул генерал-лейтенант наамына тете”, — деп айтылат билдирүүдө.
Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2020-жылдын октябрь айында бийлик алмашкан соң Башкы прокурор болуп дайындалган. 
Жаңылыктар түрмөгү
0