Айгүл Жапарова кошо кетти. Президент Түркияга кимдерди ала барды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Жазылуу
Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий сапары бүгүн башталды. Өлкө башчынын маалымат кызматы коштоп кеткендердин тизмесин жарыялады.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:
  • Кыргыз Республикасынын президентинин жубайы Айгүл Жапарова;
  • тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов;
  • министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;
  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
  • Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев;
  • инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов;
  • саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;
  • коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов;
  • айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев.
Жаңылыктар түрмөгү
0