Энергетика министрлигинин мурдагы башчысы Кубанычбек Турдубаев. Архив

Экс-министр иштен бошотулар алдында энергетикадагы коррупцияны санап берди

86
(жаңыланган 14:28 09.06.2021)
Турдубаев 7-июнда өткөн тегерек столдо энергетикадагы көйгөйлөрдү айтып, анын эртеси президенттин жарлыгы менен иштен алынды.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Азыр экс-министр болуп калган Энергетика министрлигинин мурдагы башчысы Кубанычбек Турдубаев иштен алынардан бир күн мурун Кыргызстандагы энергетика тармагынын абалы жана андагы коррупция тууралуу айтып берген эле.

7-июнда Бишкекте премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү, көрүнүктүү эксперттер катышкан "Кыргызстандын энергетикасы. Өткөн мезгили, учурдагысы жана келечеги" деп аталган тегерек стол өткөн.

Ал эми президент Садыр Жапаров 8-июнда Кубанычбек Турдубаевди энергетика жана өнөр жай министри кызматынан алып, ордуна Доскул Бекмурзаевди дайындаган.

Тегерек столдо сүйлөп жатып ал кардиналдуу реформа кыла турган учур келгендигин айткан эле.

"Энергетика тармагындагы чарбасыздык жана коррупция менен аёосуз күрөшүүгө мезгил келип жетти. Акыркы 30 жыл аралыгында ал болуп көрбөгөндөй колдонулуп, совет учурунда салынган өтө ири ресурсту иштеп чыкты. Энергетика өлкө жетекчилигин тегеректеп алган таза эмес адамдардын байышына булак болуп берди. Бул туурасында биз түз айтышыбыз керек", — деген министр.

Анын айтымына караганда, энергетикадагы коз боёмочулук менен уурулук өлкөнүн саясий жетекчилигинин оозун жаап, колдорун байлап келе жатат.

"Моралдык укук жок болуп туруп элди чыдап турууга чакырып, ажыратып коюуга мүмкүн эмес. Элди белин бекем бууганга чакырып, биздин энергетиканын экисин бир кылып жаткан учурда жаман иштөөгө укугубуз жок. Элдин казынасынан бир тыйын жоготууга да, алууга да акыбыз жок. Энергетика тармагына салынган жана табылган ар бир тыйын калкка көрсөтүлүп турат", — деген Турдубаев.

Ал жалпы кыргызстандыктардын колдоосу жана түшүнө билүүсү менен гана масштабдуу реформаларды жүргүзүп, өлкөнү күчтүү жана көз карандысыз кылууга болорун айткан.

"Учурда кыргыз энергетикасы мындан ары жашап кете алабы деген суроо жаралды. Биз азыр өтө кыйын кырдаалда турабыз, туура эмес кадамдар тармактын жок болушуна алып келет. Бул көбүртүп айткан сөз эмес. Чукул кырдаалдар чукул чараларды талап кылат. Азыр Энергетика министрлигине эмне пайдалуу болсо, ал Кыргызстанга да пайдалуу", — деген министр.

Мурунку аткаминер Кыргызстанды чакан ГЭСтердин мекенине айлантуу зарылдыгын белгилеп, шамал жана күндүн нуру менен иштеген электр станцияларды салып, мамлекеттин муктаждыгы үчүн дарыялардын кубатын, кен байлыктарды пайдалануу зарылдыгын баса белгилеген.

86
Белгилер:
коррупция, энергетика, Кубанычбек Турдубаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев кызматтан алынды
Бажы кызматына жетекчи болуп Самат Исабеков келди
Судьянын балкасы. Архив

Сот бизнесмен Генрих Балянды үй камагына чыгарды

39
(жаңыланган 19:49 17.06.2021)
"Карвен групптун" ээсинин бөгөт чарасы сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүнө чейин, тагыраагы, 15-августка дейре деп тандалды.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. "Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын жетекчиси Генрих Балян үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Владелец ассоциации компаний Карвен групп Генрих Балян
© Фото / Karven Four Seasons
"Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын жетекчиси Генрих Балян үй камагына чыгарылды

Маалыматка караганда, Баляндын бөгөт чарасы 15-августка чейин деп тандалды.

"Шектүүнүн УКМКнын эсебине 60 миллион сом которгону эске алынды. Ошондой эле анын Бишкекте жашаганы документтер менен тастыкталды", — дешти соттон.

Эске салсак, 15-июнда "Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын жетекчиси Генрих Балян кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бизнесмен 2,3 миллион доллар өлчөмүндө "жалган" адамга насыя алууга аракет жасаганы, кредит колго тийгенден кийин аны кайра төлөбөй коюуну көздөгөнү айтылган. Бүгүн, 17-июнда, Балян УКМКнын атайын эсебине 60 миллион сом которду.

39
Белгилер:
үй камагы, Карвен групп, Генрих Балян, бизнесмен, УКМК, Кыргызстан
Тема боюнча
Коррупциялык схема түзгөн. УКМК Суракматовдун кармалган себебин айтты
Президенттин аппарат жетекчисинин мурунку орун басары Салиев кармалды
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов. Архив

Көйгөй менде болсо, азыр иштен кетем… Марипов агынан жарылганда

198
(жаңыланган 16:22 17.06.2021)
Өкмөт башчы эгер протокол болбогондо күзөтчүсү жок эле жөө жүрмөктүгүн белгиледи. Ошондой эле ал күнү-түнү иштеп жатканын айтып, жоопкерчилик алууга даяр экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өлкөдө болуп жаткан көйгөйлөр ага байланыштуу болуп жаткан болсо, азыр кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди.

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, экология жана аймактарды өнүктүрүү комитетинин жыйынында суунун тартыштыгы талкууланып, депутаттар аткаминерлерди сындап жатышат. Марипов депутаттардын сын пикирин туура кабыл аларын айтып, жоопкерчиликти алууга даяр экенин белгиледи. Ошондой эле көйгөй тез эле чечилип калбай турганын кошумчалады.

"Мен учурда жыргап, канааттануу менен иштеп жаткан жерим жок. Кыйынчылыктардан улам уктабай иштеп жатабыз. Биздин максат — маселени чечүү. Мына, президентибиз Кумтөрдөн баштап бардык маселелерди алдыбызга коюп жатат. Эгер мен пара алып же бирөөнү кызматка койгон болсом, азыр иштен кеткенге даярмын. Бирок ошол эле учурда, урматтуу депутаттар, мен жоопкерчилик алганга да даярмын. Мен бул кызматка ошон үчүн келгем. Учурда эл туура эле асылып жатат. Күнөө бизде, жетекчилерде. Капиталдык сурамдар жетишпей жатат, суранып жатасыздар, мен болсо чече албай жатам. Суу жетпей жатат. Эми ушул маселелерди, кудай буйруса, чогуу чечип чыгабыз да. Бири-бирибизди чукулап, кызматтан алуудан эч бир маселе чечилбейт. Өкмөттү ар алты айда алмаштыралы, ошондо бир нерсе чечилеби? Эмоцияга алдырып жатсам кечирип коюңуздар… Учурда айлыктын аздыгына карабай иштешибиз керек. Мени канчалык сындасаңыздар дагы ошончо көп иштеп берүүгө даярмын, урматтуу депутаттар. Электр энергиясы боюнча дагы жоопкерчиликти алууга даярмын", — деди Марипов.

Жыйында депутат Акылбек Кемелов өкмөт башчы күзөтчүлөрүн алып салып, элдин көйгөйүн өз көзү менен көрүүгө чакырып кетти.

Буга Марипов төмөнкүчө жооп берди.

"Сиздин сыныңызды кабыл алдым. Күзөт боюнча айта кетейин. Эгер мыйзамга өзгөртүүлөр кирсе, жөө басканга даярмын. Күзөт мындай турсун, айдоочусу жок эле жүрчүмүн. Протокол менен жүргөн мага деле оор болуп жатат. Мен деле жөнөкөй адаммын, жөнөкөй жашоону сагынам, бирок ишимди улантып жатам. Мамлекет менин коопсуздугумду камсыздап жатканына күнөөлүү эмесмин. Дагы бир жолу айта кетейин, эгер мыйзамга өзгөртүү киргизилсе, жөө эле жүрөм", — деди өкмөт башчы.

Эске салсак, буга чейин фермерлер суу тартыштыгы боюнча көйгөйдү айтып чыгышкан. Алардын айтымында, Чүй облусунда суу жетишпей жаткандыктан алты миң гектар жер куурап калды. Бийлик болсо салкын аба ырайына байланыштуу мөңгүлөр эрибей жатканын жүйө келтирүүдө.

198
Белгилер:
отставка, суу, Жогорку Кеңеш, депутат, министр, Улукбек Марипов
Тема боюнча
29 унаа өтсө, 17си гана катталган. Марипов "Сосновканы" капыстан текшерди
Марипов: COVID-19 жайылууда, мурдагыдай каатчылыкка жол бербеш керек
Чын эле суу жокпу? Чүйдөгү дарыялардын башынан тартылган видео
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков. Архив

Министр: Орто-Токой суу сактагычындагы суу бир айга гана жетет

0
(жаңыланган 00:11 18.06.2021)
Министр Орто-Токой суу сактагычында 224 миң куб суу калганын айтып, сууну эл өзү билемдикке салып колдонбошу керектигин эскертти.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Эгер суунун чыгымы азыркыдай көп болсо, анда 15-20-июлда Орто-Токой суу сактагычында суу калбай калат. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.  

"Орто-Токой суу сактагычында 224 миң куб суу калганын айтып коюшум керек. Эгер биз аны азыркыдай иштетсек, 15-20-июлда ал жакта суу жок калат. Суу сактагыч беш дарыядан барган суу менен толот. Быйыл нормадан 50 пайызы гана келип жатат. Кырдаалдан чыгуунун бир эле жолу бар. Ал график боюнча кезектешип сугаруу жана скважинаны иштетүү", — деди министр.  

Аткаминер эл сууну өзү билемдикке салып бөлүштүрбөшү керектигин эскертип, суу  чарбасы бөлүштүргөн графиктин негизинде гана иш алып барууну  белгиледи.  

Чүй облусундагы суу тартыштыгы дыйкандарды убайымга салды. Алардын эгин талаалары куурап, бир жылдык түшүмдөн кол жууп калуу кооптуулугу бар. Бийлик өкүлдөрү тоолордо күн жылыбай, мөңгүлөрдүн эрибей жатканы көйгөйдүн бирден-бир себеби экенин айтууда.
© Sputnik / Акылбек Батырбеков , Эмиль Садыров
"Эгер суу бөлүштүрүү боюнча график сакталса, суу баарына жетет. Суу ресурстары боюнча агенттикте 4 600 адам иштейт. Көбүнүн айлыгы 4600-4800 сом. Ага карабай бул адамдар каналда күнү-түнү иштеп, аракет кылып жатышат", — деди Жаныбеков.  

Буга чейин Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Абдыбай Жайлообаев июлда сугат суусу азыркыдан да тартыш болушу мүмкүн экенин божомолдогон.

0
Белгилер:
министр, бөлүштүрүү, айыл чарба, суу, Орто-Токой суу сактагычы
Тема боюнча
Сабиз менен картошканы сыртка сатууга тыюу салынат
Бийлик өкүлдөрү суу эмнеге кескин азайып кеткенин түшүндүрдү