Садыр Жапаров менен жетелешип учактан түшкөн канайым. Фотофакт

Жазылуу
Түркияга болгон расмий иш сапарына мамлекет башчыны жубайы Айгүл Жапарова да коштоп кеткен. Сүрөттөн экөөнүн учактан жетелешип түшүп келе жатканын көрүүгө болот.

Президенттин маалымат кызматы мамлекет башчы Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Түркиянын борбору Анкара шаарына жеткенин билдирди.

Өлкө башчынын учагы "Эсенбога" эл аралык аэропортуна конуп, Садыр Жапаровду Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тосуп алган.

© Sputnik Кыргызстан, Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчынын учагы "Эсенбога" эл аралык аэропортуна конуп, Садыр Жапаровду Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тосуп алган
Садыр Жапаров менен жетелешип учактан түшкөн канайым. Фотофакт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Өлкө башчынын учагы "Эсенбога" эл аралык аэропортуна конуп, Садыр Жапаровду Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тосуп алган

Белгилей кетсек, иш сапардын алкагында президент Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Мындан сырткары, Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугуп, эки өлкөнүн бизнес форумуна катыша турганы айтылды. Анкарада иштеп жүргөн мекендештер, окуп жаткан студенттер менен да баарлашары кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0