Президент Садыр Жапаров

Коргонууну күчөтүү, экономиканы көтөрүү. Жапаровдун Анкарадагы айткан сөздөрү

300
(жаңыланган 00:10 10.06.2021)
Жапаров кыргыз-түрк дипломатиялык катнашына быйыл 30 жыл толорун эске салып, буга байланыштуу 2021-2022-жылдары эки өлкөнүн маданият күндөрүн өткөрүү зарылдыгын айтты.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын соода-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүү зарыл экенин билдирди. Бул тууралуу маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров Анкара шаарында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынына катышты.

Анын айтымында, 8-9-июлда Чолпон-Ата шаарында соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 10-жыйыны болуп, анын алкагында кыргыз-түрк бизнес-форуму өткөрүлөт.

Президент Түркия Кыргызстандын тышкы соода түзүмүндө өзгөчө орунду ээлей тургандыгын, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү бир миллиард долларга жеткирүү менен кызматташууну күчөтүүнү белгилеген.

"Өлкө башчы түркиялык инвесторлор үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүлөрүн жана мыйзам чегинде тийиштүү жеңилдиктер берилерин айтты. Ошондой эле эки өлкө ортосундагы аба  каттамдарынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жарандык авиация уюмдарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгын белгиледи. Түркиянын авиакомпанияларын Бишкек шаарындагы эл аралык "Манас" аэропортун Азиядагы транспорттук-логистикалык борбор катары колдонууга чакырды. Бул долбоорду ишке ашырууда жеңилдетүүлөргө кепилдик берилет", — деди президент.

Садыр Жапаров мындан ары эки өлкөнүн жарандарынын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн алардын ишке орношуусун жөнөкөйлөштүрүү боюнча кадамдарды карап чыгуу максатка ылайыктуу болорун белгилеген.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыктын багыттарына кеңири токтолду. Ал кыргыз-түрк дипломатиялык катнаштарына быйыл 30 жыл толорун эске салып, буга байланыштуу президент 2021-2022-жылдары кыргыз жана түрк маданият күндөрүн өткөрүү зарылдыгын айткан.

"Кыргызстан менен Түркия отуз жылдан бери эл аралык күн тартибинде турган актуалдуу маселелерге карата бирдей көз караштарды күтүп, орток баалуулуктарды бекем тутуп келет. Кыргызстан ар дайым эл аралык дипломатиялык мамилелерди бекем сактап, Түркия менен болгон достук жана бир туугандык карым-катнашка аяр мамиле жасайт деп ишендирип кетем", — деген Жапаров.

Ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарына токтолуп, саясий диалогду жана аскердик чөйрө менен коопсуздук боюнча өнөктөштүктү улантуунун маанилүүлүгүн белгилеген.

Президент Садыр Жапаров Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен бир катар эки тараптуу документтерге кол койгон
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Бул багытта ал кибер кылмыштуулукка, контрабандага, баңгизаттарды, курал-жарак жана адам сатууга, мыйзамсыз миграцияга жана терроризмге, ошондой эле эл аралык коомчулукка жана коопсуздукка жаңы коркунучтарды туудурган улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы турууга чечкиндүүлүгүн билдиргени айтылат.

Мындан сырткары, Борбор Азиядагы региондук коопсуздукту чыңдоонун жана бул себептен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн материалдык-техникалык базасын модернизациялоо, коргонуу дараметин бекемдөө боюнча биргелешкен иштерди күчөтүү үчүн ырааттуу аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

300
Белгилер:
кызматташтык, Аскер, экономика, Режеп Тайип Эрдоган, Садыр Жапаров, Түркия, Кыргызстан
Тема:
Садыр Жапаровдун Түркияга расмий сапары (24)
Тема боюнча
Бир кол чатыр астындагы Жапаров менен Эрдоган. Түркиядагы видео
Жапаров атчандар кароолунун коштоосунда келип Эрдоган менен жолукту

Камалып кетесиңер! Ара жолдо калган ишкерди колдогон Жапаровдун видеосу

122
(жаңыланган 13:28 25.06.2021)
Апта ортосунда президент Садыр Жапаров ар кыл тармакта өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ата мекендик ишкерлер менен жолугуп, алардын көйгөйүн угуп, суроолоруна жооп берди.

Жолугушууда өлкө башчысы бизнес өкүлдөрүнө шарт түзүп берүүгө, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга, мыйзамдарды өзгөртүп, инвестициялык климатта жакшыртууга кызыкдар экендигин билдирди.

Иш-чарада президент Ысык-Көл облусунда мындан үч жыл мурун эки кичи ГЭС курган жеке ишкер Рахатбек Ирсалиевдин суроосуна жооп берип жатып, анын маселесин чечпеген министр кызматынан кол жууганын айтты. Муну менен бирге башка мамлекеттик кызматкерлерге дагы катуу эскертүү берди.

"Рахатбек Ирсалиев үч жылда чакан ГЭСтен үчтү салган. Бирок андан өндүрүлгөн электр энергиясын мамлекет сатып албай, электр түйүнүнө кошпой келген. Анан айла жогунан ал биткоиндерди коюп алып иштеп келгенин билчүмүн. Мен кызматка келип эле министрге "келишим түз, булардан 2 сом 90 тыйындан сатып алалы" деп айткам. Ошол кезде импорттолгон электр энергиясы 2 сом 90 тыйын эле. Азыр 2 сом 70 тыйындан келишим түзүп жатабыз. Бир-эки ай өткөндөн кийин сурасам "келишим түзүлдү, чакан ГЭСтер менен маселе чечилди" деген. Ошол бойдон чечилди го деп жүргөм. Өткөндө, мындан 15 күн, бир ай мурун сизге чалып "маселе чечилген беле" десем "жок" дедиңиз. Мен кайра мурдагы министрге "эмнеге чечкен жоксуңар, мага чечилди деп маалымат бербедиңер беле" десем, "чечилген" деп дагы калп айтты. Мына, министрдин алмашканынын бир себеби ушул болду. Эми мындан ары саботаж кылып буйрук, мыйзамдарды аткарбай, бюрократия менен алектенсеңер жөн эле кызматтан кетпейсиңер, камалып кетесиңер", — деген Жапаров.

Ирсалиев 2018-жылы 730 миллион сомго Тоң районуна эки кичи ГЭС курган. Ишкердин ал гидроэлектростанциялары өндүргөн электр кубатын мамлекет сатып албай коюп, анын барбаган жери, какпаган эшиги калган эмес.

"Мен курган эки ГЭС үчүн мамлекеттик банктан алган насыямдын үстөк пайызы 2018-жылдан 2020-жылга чейин 500 миң долларды түзүп кетти. Бүгүнкү маалда мен аны төлөөгө аргасыз болуп жатам. Ошол себептен "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү токтоосуз киргизүү керек", — деди Ирсалиев.

Бир нече жылдан бери чечилбей келе жаткан маселени президент Энергетика жана өнөр жай министрлигине эки күндө чечүү тапшырмасын берген.

Эске салсак, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев ээлеген ордунан 8-июнь күнү бошотулган. Аталган кызматка ал ушул жылдын февраль айында келген. Эми бул министрликти Доскул Бекмурзаев башкарып жатат.

122
Белгилер:
ишкер, энергетика, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Президент: салык менен соцтөлөмдү азайткан мыйзам иштеп чыгууну тапшырдым
Бизнеске кысым болууда! Садыр Жапаров экономиканы өнүктүрүүнүн жолдорун айтты
Шайлоо участогундагы добуш берүүчү кабина. Архив

АШК Бишкек шаардык кеңешине аттанган үч партия, бир талапкерге эскертүү берди

43
(жаңыланган 12:48 25.06.2021)
Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүн көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ түшкөн арыздарды, социалдык тармактарга чыккан постторду караган.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы үч саясий партияга жана бир талапкерге оозеки эскертүү берди. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек АШКнын шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүн көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ түшкөн арыздарды, социалдык тармактарга чыккан постторду караган.

Анын натыйжасында үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштап жибергени үчүн "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан талапкер Кубанычбек Конгантиевге эскертүү берүү чечимин кабыл алган. Ал эми үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн "Ишеним", "Реформа" жана "Столица" партияларына да оозеки эскертүү берилген.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого 17 партия талапкерлигин көрсөткөн. Добуш берүү күнү 11-июлга белгиленген.

43
Белгилер:
эскертүү, үгүт, шайлоо, Бишкек
Тема:
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо
Тема боюнча
Бишкек, Ош жана Токмоктогу шайлоо кайра жылабы. Расмий органдардын жообу

Коомдук транспортто, соода түйүндөрүндө бет кап тагынып жатасызбы?

0
(жаңыланган 16:05 25.06.2021)
0