Жубайы менен барган биринчи өлкө. Жапаровдун Түркиядагы сапарынан сүрөттөр

719
(жаңыланган 01:53 10.06.2021)
  • Президент Анкарага биринчи канайым Айгүл Жапарова менен барды
  • Аэропорттон маданият министри менен ардак кароол тосуп алды
  • Садыр Жапаров Түркиянын биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн бейитине гүлчамбар койду
  • Жапаровдун жубайы жана делегациянын мүчөлөрү
  • Мустафа Кемал Ататүрктүн образы
  • Бул Садыр Жапаровдун Түркияга Кыргызстандын президенти катары биринчи сапары
  • Жапаров Эрдоган менен расмий жолугушуу аземине келгенде
  • Эрдоган кыргызстандык кесиптешин тосуп алууда
  • Президенттер коронавирус пандемиясынын эрежесин сактап учурашышты
  • Ардак кароол жана соот кийимчен жоокерлер
  • Бир кол чатырды кармаган президенттер
  • Илгери түрк аскерлери да ушундай болгон
  • Эрдоган Жапаровду кол алдындагылары менен тааныштырууда
  • Жапаров менен Эрдоган көзмө-көз жолугушканда
  • Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык кызматташтык боюнча жогорку кеңешинин бешинчи жыйыны өтүп, эки өлкөнүн президенттери катышты
  • Президенттер эки тараптуу документтерге кол коюу учурунда
  • Иш-чараны көптөгөн журналисттер чагылдырды
  • Президенттер биргелешкен билдирүүгө кол койгондон кийин кол алышты
  • Андан кийин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын курушту
  • Мамлекет башчылар жолугушуу аяктагандан кийин
9-июль күнү президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Түркияга барды. Кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуп, биргеликте маалымат жыйын өткөрүштү.

Иш сапарынын биринчи күнү Жапаров Түркиянын алгачкы президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн бейитине гүлчамбар коюп, Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуп, Кыргызстан менен Түркиянын Стратегиялык кызматташтык боюнча жогорку кеңешинин жыйынында сөз сүйлөп, ошондой эле эки тараптуу документтерге кол койду.

Жолугушуулар кандай өткөнүн Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган сүрөт түрмөктөн көрө аласыздар.

719
  • Президент Анкарага биринчи канайым Айгүл Жапарова менен барды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Президент Анкарага биринчи канайым Айгүл Жапарова менен барды

  • Аэропорттон маданият министри менен ардак кароол тосуп алды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Аэропорттон маданият министри менен ардак кароол тосуп алды

  • Садыр Жапаров Түркиянын биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн бейитине гүлчамбар койду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Садыр Жапаров Түркиянын биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн бейитине гүлчамбар койду

  • Жапаровдун жубайы жана делегациянын мүчөлөрү
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Жапаровдун жубайы жана делегациянын мүчөлөрү

  • Мустафа Кемал Ататүрктүн образы
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Мустафа Кемал Ататүрктүн образы

  • Бул Садыр Жапаровдун Түркияга Кыргызстандын президенти катары биринчи сапары
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Бул Садыр Жапаровдун Түркияга Кыргызстандын президенти катары биринчи сапары

  • Жапаров Эрдоган менен расмий жолугушуу аземине келгенде
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Жапаров Эрдоган менен расмий жолугушуу аземине келгенде

  • Эрдоган кыргызстандык кесиптешин тосуп алууда
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Эрдоган кыргызстандык кесиптешин тосуп алууда

  • Президенттер коронавирус пандемиясынын эрежесин сактап учурашышты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Президенттер коронавирус пандемиясынын эрежесин сактап учурашышты

  • Ардак кароол жана соот кийимчен жоокерлер
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Ардак кароол жана соот кийимчен жоокерлер

  • Бир кол чатырды кармаган президенттер
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Бир кол чатырды кармаган президенттер

  • Илгери түрк аскерлери да ушундай болгон
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Илгери түрк аскерлери да ушундай болгон

  • Эрдоган Жапаровду кол алдындагылары менен тааныштырууда
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Эрдоган Жапаровду кол алдындагылары менен тааныштырууда

  • Жапаров менен Эрдоган көзмө-көз жолугушканда
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Жапаров менен Эрдоган көзмө-көз жолугушканда

  • Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык кызматташтык боюнча жогорку кеңешинин бешинчи жыйыны өтүп, эки өлкөнүн президенттери катышты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык кызматташтык боюнча жогорку кеңешинин бешинчи жыйыны өтүп, эки өлкөнүн президенттери катышты

  • Президенттер эки тараптуу документтерге кол коюу учурунда
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Президенттер эки тараптуу документтерге кол коюу учурунда

  • Иш-чараны көптөгөн журналисттер чагылдырды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Иш-чараны көптөгөн журналисттер чагылдырды

  • Президенттер биргелешкен билдирүүгө кол койгондон кийин кол алышты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Президенттер биргелешкен билдирүүгө кол койгондон кийин кол алышты

  • Андан кийин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын курушту
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Андан кийин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын курушту

  • Мамлекет башчылар жолугушуу аяктагандан кийин
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Мамлекет башчылар жолугушуу аяктагандан кийин

Белгилер:
жолугушуу, иш сапар, Режеп Тайип Эрдоган, Айгүл Жапарова, Садыр Жапаров, Кыргызстан, Түркия
Тема:
Садыр Жапаровдун Түркияга расмий сапары (24)
Тема боюнча
Мотурайган Путин, суйкайган Клинтон. Саясатчылардын бала кезиндеги сүрөттөрү
Бир туугандары, үй-бүлөсү көз салып. Садыр Жапаровдун ант берген аземинен 17 ирмем
Сауд Аравия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд. Архив

Садыр Жапаров Сауд Аравия падышасын Кыргызстанга чакырды

82
(жаңыланган 21:01 14.06.2021)
Мамлекет башчы падышаны эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү жана достук мамилелерди чыңдоо максатында чакырган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Сауд Аравия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-сауд эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана аны өнүктүрүү келечеги, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар талкууланды.

“Президент Сауд Аравиясы менен эки өлкөнүн бир тууган элинин кызыкчылыгындагы өз ара колдоо жана ишенимдин негизинде ар тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин айтты. Аны менен катар Кыргызстанга оор мезгилдерде ар дайым көмөктөшүп келгендигин баса белгиледи. Эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү жана достук мамилелерди чыңдоо максатында Сауд Аравия падышасын Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды”, — деп жазылат маалыматта.

Өз кезегинде Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд чакырууга ыраазычылык билдирип, эки тараптуу алакалар жигердүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилегени айтылат.

82
Белгилер:
сүйлөшүүлөр, чакыруу, Садыр Жапаров, Сауд Аравиясы
Тема боюнча
"Достуктун" тагдыры, 20 ординатор, фармзавод. Түркия сапарынын жыйынтыгы
Панорамадан табиятка суктанып... Эрдогандын Жапаровду узаткан видеосу
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ошко барып, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйынына катышты

БШК төрайымы Ошко барып эреже бузуу боюнча шаар бийлигине эскертүү берди

145
(жаңыланган 15:14 14.06.2021)
Мурунку шайлоодо Ош шаарынан БШКга 89 арыз түшкөн, анын ичинен тогузу добуш сатып алуу боюнча даттанган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ошко барып, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйынына катышты.

  • Глава ЦИК Нуржан Шайлдабекова и мэр Оша Айтмамат Кадырбаев на заседании Штаба по подготовке к выборам депутатов городского кенеша в городе Ош
    БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ошко барып, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйынына катышты
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Мэр Оша Айтмамат Кадырбаев на заседании Штаба по подготовке к выборам депутатов городского кенеша в городе Ош
    Отурумга калаа мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кызматтардын, ведомство жана ишканалардын жетекчилери чогулган
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Заседание Штаба по подготовке к выборам депутатов городского кенеша в Оше
    Анда БШКнын башчысы 11-апрелде өткөн шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу айтып берген.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 3
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ошко барып, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйынына катышты

Отурумга калаа мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кызматтардын, ведомство жана ишканалардын жетекчилери чогулган.

Анда БШКнын башчысы 11-апрелде өткөн шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу айтып берген.

"Ош шаарынан БШКга жалпысынан 89 арыз түштү, анын ичинен тогузу добуш сатып алуу боюнча даттанган. Бул мурунку шайлоолорго салыштырмалуу алда канча аз", — деди Шайлдабекова.

Ошондой эле ал тийиштүү мамлекеттик органдардын жана кызматтардын жетекчилерине административдик ресурс колдонууга, добуш берүү күнү жана анын алдында мыйзам бузууларга жол бербөө иштерин күчөтүү зарылчылыгын эскертти. Аны менен катар санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө дыкат көңүл буруу керектигин белгиледи.

Ал эми мэр "резина" батирлер маселесин көтөрүп, жарандардын бир эле дарекке массалык түрдө каттоого турушуна бөгөт коюу боюнча катуу тапшырма бергени айтылат.

Эске салсак, буга чейин БШК 11-апрелде өткөн Токмок, Ош жана Бишкек шаардык кеңештерине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга массалык мыйзам бузуулар себеп болгон.

Кайра шайлоо 11-июлга белгиленди.

145
Белгилер:
эскертүү, эреже, Нуржан Шайлдабекова, Ош шаары
Тема:
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо
Тема боюнча
Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна 17 партия аттанды. Тизме
Бишкек шаары. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

0
15-июнга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз кээ бир райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас өрөөнүндө +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарында +18…+23 градуска жогорулайт.

Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +32…+34 градуска жетет.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы