Жапаров Эрдогандан дайынсыз болуп жаткан Орхан Инанды жөнүндө сурады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров менен Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоган
Президент Садыр Жапаров менен Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Жазылуу
Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз. Буга чейин анын жубайы жолдошу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратында болушу мүмкүн деген маалымат укканын билдирген.
БИШКЕК, 10-июн.— Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстан менен Түркиянын башчыларынын жолугушуусунда табылбай жаткан кыргызстандык Орхан Инанды тууралуу кеп болгонун билдирди.
Анын айтымында, Жапаров Түркия башчысынан Инандыны сураган.
"Режеп Тайип Эрдоган аны тааныбай турганын, ал тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин айтты. Ошондой эле Фетхуллах Гүлендин оппозициялык уюмунун (ФЕТО) тарапташтары тууралуу эч нерсе уккусу келбей турганын билдирди", — деди Султанбаев.
Мурдагы ИИМ жана ЖАМК башчысы Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Инанды менен кезиккен Мелис Турганбаев эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айтып берди
Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирген.
Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0