"Достуктун" тагдыры, 20 ординатор, фармзавод. Түркия сапарынын жыйынтыгы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган менен Анкара шаарында жолугушуу учурунда
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган менен Анкара шаарында жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
Кыргызстанда сынак жарыяланып, күзгө чейин тандалган мыкты дарыгерлер эң муктаж болгон адистиктер боюнча Түркияга окууга жөнөтүлөрү айтылды.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Бишкекке түркиялык дарыгерлер тобу келип, кыргызстандык адистер менен биргеликте "Достук" клиникасын иштетүүгө даярдай турганы боюнча сүйлөшүү болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтканын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Бейшеналиев президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында жетишилген келишимдер жөнүндө айтып берген.
"Үч жылдан бери клиника даяр болгону менен иштебей туруп калган эле. Анткени тараптар айрым маселелер боюнча бир пикирге келе алышкан эмес. Азыр биз орток пикирге келдик, жакын арада оорукана иштей баштайт. Кыргыз тарап бардык керектүү документтерди даярдашы керек. Клиника заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Биз буга чейин Түркияга операцияга квота менен жиберип келген бейтаптарга эми бул ооруканадан эле операция жасап баштайбыз", — деген Бейшеналиев.
Как Эрдоган проводил Садыра Жапарова — видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Панорамадан табиятка суктанып... Эрдогандын Жапаровду узаткан видеосу
Министрдин айтымында, президенттердин жолугушуусунун алкагында Түркия Бишкек шаарындагы "Достук" кыргыз-түрк клиникасы боюнча бардык маселелер чечилет деп ишендирген.
Тараптар ошондой эле Кыргызстандын 20 клиникалык ординаторунун Түркиядагы мыкты клиникалардан эки жыл акысыз тажрыйба арттырып, адистештирүүдөн өтүшү боюнча макулдашкан.
"Кыргызстанда сынак жарыяланып, күзгө чейин тандалган мыкты дарыгерлер эң муктаж болгон адистиктер боюнча окууга жөнөтүлөт", — деди министр.
Ал Түркиянын фармацевтикалык клиникалары Кыргызстанга керектүү дары-дармектен жардам берүүнү көздөп жатканын билдирген.
"Кыргызстанга фармацевтикалык завод куруу же керектүү дары-дармектерди түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу боюнча маселелер каралып жатат", — деген Бейшеналиев.
Эске салсак, Жапаров 9-11-июнь күндөрү расмий сапары менен Түркияга барган.
Жаңылыктар түрмөгү
0