Бишкекте шаар жетекчисинин орун басарлары алмашты

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Бишкек шаарынын мурунку биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев. Архив
Бишкек шаарынын мурунку биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Жазылуу
Бишкек мэриясында калаа жетекчисинин эки орун басары алмашты. Буга чейинки биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу иштен бошотулду.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болуп, биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу иштен бошотулду. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
Анын ордуна буга чейин тиричилик-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр болуп келген Жамалбек Ырсалиев дайындалды.
Ал эми шаар башчысынын экономикалык жана финансылык маселелер боюнча орун басары болуп Максатбек Сазыкулов келди. Буга чейин ал Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунда Уюштуруучулукту өнүктүрүү департаментин жетектеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0