Портфельчен адамдар. Архив

Иран жана Австриядагы элчилер кызматтан кетип, жаңылары дайындалды

88
(жаңыланган 21:10 18.06.2021)
Эки мамлекеттеги элчилер өлкөнүн бир нече уюмдарында өкүл болуп иштеп келген. Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгон.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Иран жана Австриядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Бишкек шаарынын мурунку биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев. Архив
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Ага ылайык, Авазбек Абдуразаков Кыргызстандын Ирандагы элчиси жана Тегерандагы экономикалык кызматташтык уюмундагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, ордуна Турдакун Сыдыков дайындалды.

Бакыт Жусупов өлкөнүн Австриядагы элчиси, Бириккен Улуттар Уюмундагы, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмундагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү кызматынан кетип, ордуна Толенды Макеев келди.

Бакыт Жусупов КРдин Словения, Словакия жана Чехиядагы элчи кызматын айкалыштырып келген.

88
Белгилер:
Кыргызстан, Иран, Австрия, элчи, кызмат, дайындоо
Тема боюнча
БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев КРдин Азербайжандагы элчиси болот
Экс-депутат Талант Узакбаев. Архив

Экс-депутат Узакбаев Кумтөр иши боюнча күнөөлүү деп табылды. Камакта калабы?

85
(жаңыланган 17:29 04.08.2021)
Талант Узакбаев "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупцияга шектелип май айынын аягында кармалып, эки айга камалган.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бишкектеги Биринчи май райондук соту экс-депутат Талант Узакбаевди Кумтөр иши боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу аталган соттун маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, Талант Узакбаев "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупцияга шектелип кармалып, кийин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

"Экс-депутат Биринчи май райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү ("Коррупция") боюнча күнөөлүү деп табылды. Ушул эле Кодекстин 80-беренесинин 3-бөлүгү боюнча аны айыпка жыккан. Ага ылайык, экс-депутат мамлекетке 300 000 миң сом айып төлөшү керек", — деп жазылат билдирмеде.

Маалым болгондой, мындай өкүм күчүнө киргенден кийин тергөө абагында отурган Талант Узакбаев эркиндикке чыгат. Өкүмгө макул болбогон тарап 30 күндүн аралыгында Бишкек шаардык сотуна кайрылууга укуктуу.

Белгилей кетсек, Кумтөр маселеси боюнча өлкөдө бир нече аткаминер кармалды. Кечээ дал ушул иш боюнча мурдагы премьер-министр Темир Сариев колго түшүрүлгөн.

85
Белгилер:
Талант Узакбаев, Кумтөр, коррупция, сот, айып
Тема боюнча
УКМК: экс-премьер-министр Темир Сариев кармалды
"Кумтөр" кимдерди ала жатат. Ташиев Акаев, Бакиев баш болгон бир топ ысымдарды атады
Депутат Дастан Бекешев. Архив

Депутат Дастан Бекешев Аскер прокуратурасына сурак берип чыкты

176
(жаңыланган 14:00 04.08.2021)
Депутаттан Кумтөр кенин иштетүүдө мөңгүлөрдү талкалап алтын казууга уруксат берген мыйзамдын кабыл алынышы тууралуу сурашкан.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Аскер прокуратурасына сурак берип чыкты. Бул туурасында ал Telegram каналына жазды.

Бүгүн эртең менен Кумтөр кенин иштетүүдө Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн талкалап алтын казууга уруксат берген мыйзамдын кабыл алынышы боюнча сураларын айткан.

"2016 же 2017-жылы биз Суу кодексин өзгөртүү боюнча добуш бергенбиз. Мен анда каршы добуш бергем. Себеби мөңгүлөрдү "Кумтөргө" бербеш керек деп эсептейм. Бирок көпчүлүгү колдогон. Балким ушундан улам кандайдыр бир коррупция болгонбу деп чукуп жатышат окшойт. Негизи берген добушу үчүн депутат укуктук жопокерчиликке тартылбашы керек, ал эми моралдык жоопкерчилик, албетте, бар", — деп айткан Бекешев.

Ошондой эле ал сурак бир сааттай убакытка созулганын билдирди. Депутат суроолор орундуу, так берилгенин белгилеп, жалпысынан Суу кодексин өзгөртүү боюнча сурашканын айтты.

Ал эми суракты жалпыга жарыялабоо боюнча тил катка кол коюп чыкканына байланыштуу кенен маалымат бере албастыгын белгиледи.

176
Белгилер:
сурак, Дастан Бекешов, Кумтөр, депутат, Аскер прокуратурасы
Тема боюнча
Прокуратура: Аскар Акаев Кумтөр иши боюнча тергөө менен активдүү кызматташып жатат
УКМК: экс-премьер-министр Темир Сариев кармалды
Жаан жаап жаткан учурда. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

0
5-августтан 8-августка чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда өзгөрүлмөлүү аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстанда күн эртең 37 градуска чейин ысыйт. Ал эми бейшембиге караган түнү жаан-чачын жаабайт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бейшембиге караган түнү жаан-чачын болбойт, ал эми күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Абанын температурасы Чүй облусунда +31...+36, Таласта +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +32...+37, Ысык-Көлдө +24...+29, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус ысыйт.

Борбор калаада жаан-чачын жаабайт. Термометр Бишкекте +33...+35, Ош шаарында +35...+37, Чолпон-Атада +24...+26 градусту көрсөтүп турат.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, август
Тема боюнча
Балыкчы — Барскоон жолун оңдоо башталды. Аны "Кумтөр" компаниясы каржылайт
Күн салкындайбы? Бир жумага карата аба ырайы