Путиндин өкүлү Козак Бишкекке келип, Жапаровдун кабыл алуусунда болду

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссия президентинин администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак. Архив
Россия президентинин администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2021
Жазылуу
Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектүү багыттарын талкуулашты.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Россия президентинин администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектүү багыттарын талкуулашты.
"Ошондой эле Жапаровдун ушул жылдын 24-майында Сочи шаарында Россия президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чаралар, анын ичинде Кыргызстанга Россия вакцинасын жеткирүү маселеси каралды.
Жаңылыктар түрмөгү
0