АШК Бишкек шаардык кеңешине аттанган үч партия, бир талапкерге эскертүү берди

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участогундагы добуш берүүчү кабина. Архив
Шайлоо участогундагы добуш берүүчү кабина. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүн көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ түшкөн арыздарды, социалдык тармактарга чыккан постторду караган.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы үч саясий партияга жана бир талапкерге оозеки эскертүү берди. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Повторные выборы в Бишкекский горкенеш — 2021 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоо-2021: маанилүү маалыматтар
Анын натыйжасында үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштап жибергени үчүн "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан талапкер Кубанычбек Конгантиевге эскертүү берүү чечимин кабыл алган. Ал эми үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн "Ишеним", "Реформа" жана "Столица" партияларына да оозеки эскертүү берилген.
Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого 17 партия талапкерлигин көрсөткөн. Добуш берүү күнү 11-июлга белгиленген.
Жаңылыктар түрмөгү
0