Президент Садыр Жапаров документке кол коюп жатат. Архив

Президент Жапаров 22 сотту кызматка дайындады. Тизме

6150
(жаңыланган 16:22 26.06.2021)
Дайындалган судьялардын 14ү эркек, сегизи аял. Фемида өкүлдөрү Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарынын аймактарына жиберилди.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен төрт облустун аймактарына 22 сот кызматка бекитилди. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Фемида өкүлдөрү Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарына дайындалган.

"Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен президент Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 22 талапкер боюнча Сотторду тандоо кеңешинин сунушуна макул болду", — деп айтылган маалыматта.

Чүй облусу:

  • Сейталиев Бекболот Мырзабекович.

Аламүдүн райондук соту:

  • Жээнбекова Аида Бекеновна;
  • Рыспекова Жаркын Кубатбековна;
  • Шанкаев Талгат Токтоназарович;
  • Шералиев Саматбек Абдуллаевич.

Ысык-Ата райондук соту:

  • Курманалиева Аида Абдынасаровна.

Кемин райондук соту:

  • Атаканова Назгүл Калиевна;
  • Калиева Клара Жакшылыковна.

Москва райондук соту:

  • Аскарбеков Арстанбек Аскарбекович;
  • Байзаков Нурлан Марданович;
  • Сулайманов Атабек Абдышевич;
  • Узбекова Халида Асанкуловна;
  • Усубалиев Бакыт Токтогазиевич.

Жайыл райондук соту:

  • Айтмолдоев Бактыбек Аскарович.

Панфилов райондук соту:

  • Эралиев Бектурсун Төлөнаалыбекович.

Токмок шаардык соту:

  • Арстанбек кызы Айпери;
  • Иманбеков Бактыбек Орозбаевич.

Ош облусу

  • Ош облусунун административдик соту:
  • Досалиев Акылбек Кубатбекович.

Ош шаардык соту:

  • Турдукулов Тилек Ураимжанович.

Ысык-Көл облусу

  • Ысык-Көл райондук соту:
  • Оторбаева Айзада Жумабековна.

Талас облусу

Талас облустук соту:

  • Түнкатаров Өмүрлан Амангельдиевич;
  • Эстебесов Курал Калыгулович.
6150
Белгилер:
тизме, судья, сот, дайындоо, Ысык-Көл облусу, Ош облусу, Талас облусу, Чүй облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Садык Шер-Нияз Францияга элчи болуп дайындалды
Бакиевдин үй-бүлөсүн соттогон. Жапаров көрсөткөн мас судья тууралуу 6 факты
Крым Республикасынын туруктуу өкүлү Георгий Мурадов. Архив

Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин директору Крымдын туруктуу өкүлү менен жолукту

33
Жолугушууда Кыргызстан менен Крымдын ортосундагы ишкердик жана коомдук байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Болот Дүйшөналиев Крым Республикасынын туруктуу өкүлү Георгий Мурадов менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

"Жолугушууда Евразия экономикалык биримдигинин интеграциялык процессинин алкагында Кыргызстан менен Крымдын ортосундагы ишкердик жана коомдук байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.  Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн коомдук палатасын түзүүнүн келечеги тууралуу кеп болду", — деп айтылган маалыматта. 

Андан сырткары Крым менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн региондорунун активдүү кызматташуусун өнүктүрүүдө жаралган тоскоолдуктарды анализдөө темасына көңүл бурулган.

33
Белгилер:
Кыргызстан, Крым, жолугушуу, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
ЕЭК менен Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму маанилүү документке кол койду
Шайлоо участогундагы киши. Архив

Ош шаардык кеңешине өткөн "Биздин Кыргызстан" партиясынын жеңиши жокко чыгарылды

205
(жаңыланган 21:56 26.07.2021)
БШКнын жумушчу тобу аталган партия шайлоо өнөктүгү маалында добуш сатып алганы аныкталганын билдирди.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ош шаардык кеңешине өткөн "Биздин Кыргызстан" партиясы жарыштан четтетилди. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды.

БШКнын жумушчу тобу аталган партия шайлоо өнөктүгү маалында добуш сатып алганы аныкталды деп билдирип, андан улам "Биздин Кыргызстан" саясий бирикмесин жарыштан четтетүүнү сунуштады. Ал эми БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун чыгарган корутундусун колдоду.

"Биздин Кыргызстан" партиясы шаардык кеңешке кайра шайлоонун алдында түзүлгөн. Жетекчиси Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов.

11-июлдагы шайлоодо Ош шаарында 32 пайыздан ашыгыраак добуш менен экинчи орунду ээлеген. Ал эми Бишкекте 7 пайыздык босогого бир аз жетпей калган.

205
Белгилер:
шаардык кеңеш, жыйынтык, четтетүү, шайлоо, саясый партия
Тема:
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо
Тема боюнча
Атамбаевдин уулу, ырчы жана бизнесмендер. Бишкекте кимдер мандатка жетти
БШК Бишкек шаардык кеңештин кайрадан өткөн шайлоосун тааныды