Президент Садыр Жапаров Тажикстанга учуп кетти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУчакка көтөрүлүп жаткан кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Учакка көтөрүлүп жаткан кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Жазылуу
Жапаровдун Рахмон менен жолугары күтүлүүдө. Тараптар кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселелерди талкуулашат.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Түркмөнстандагы расмий иш сапары жыйынтыкталып, Тажикстанга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, 27-28-июнь күндөрү Жапаров Түркмөнстанга расмий иш сапары менен барган. Ал эми 28-29-июнь күндөрү Тажикстанда болору айтылган.
Садыр Жапаровдун Эмомали Рахмон менен жолугары күтүлүүдө. Тараптар кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселелерди талкуулашат. 
Жаңылыктар түрмөгү
0