Мамлекеттик кызматкерлердин саны 30%га кыскарат. Жапаровдун жарлыгы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Чечимдин максаты — мамлекеттик органдардын түзүмүн жана башкарууну оптималдаштыруу, кайталанган жана ашыкча функцияларды жоюу. 
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 
Максаты — аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмүн жана башкарууну оптималдаштыруу, кайталанган жана ашыкча функцияларды жоюу, ошондой эле мамлекеттик аппаратты күтүүгө каралган бюджеттик каражатты үнөмдөө. 
"Президенттин администрациясынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, президенттин карамагындагы мамлекеттик органдардын штаттык саны 30 пайызга чейин кыскартылсын", — деп айтылат жарлыкта. 
Сунуштар: 
  • Жогорку Кеңеш аппаратынын жана иш башкармалыгынын кызматкерлеринин санын 30 пайызга чейин кыскартуу; 
  • Жогорку сотто, Конституциялык сотто, жергиликтүү соттордо жана Сот департаментинде штаттын санын 30 пайызга чейин кыскартуу; 
  • жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен иштеген бюджеттик мекемелерде жана уюмдарда инвентаризациялоону жүргүзүү жана кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин кыскартуу. 
Мындан улам министрлер кабинетине төмөнкү тапшыралар берилди: 
  • кыскартылган кызматкерлерге мыйзамга ылайык жөлөк пулун төлөп берүү; 
  • бошотулуучу кызматкерлерди окутуу боюнча зарыл чараларды көрүү; 
  • үнөмдөлгөн каражаттарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын көтөрүүгө жумшоо. 
Жаңылыктар түрмөгү
0