Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бир катар документке кол коюлду. Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон
Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон расмий сапары кечээ, 28-июнда, башталган. Өлкө башчыны аэропорттон Тажикстандын премьер-министри тосуп алды.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:
  • Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу жана пенсия боюнча агенттигинин ортосунда пенсия менен камсыз кылуу жана социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Мамлекеттик кадр кызматы менен Тажикстандын президентине караштуу Мамлекеттик кызмат агенттигинин ортосунда мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Жаштар иши жана спорт комитетинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • "Кабар" кыргыз клуттук маалымат агенттиги менен Тажикстандын "Ховар" улуттук маалымат агенттигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.
Буга чейин эки президент тар жана кеңири форматтагы жолугушууларды өткөрүп, Жапаров чек ара көйгөйүн да козгогон болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0