Калп детекторундагы адам. Архив

Депутат прокурорлорду калп детектору менен текшерип кызматка алууну сунуштады

55
(жаңыланган 15:22 30.06.2021)
Эл өкүлүнүн айтымында, дүйнөлүк алдыңкы компаниялар абдан керектүү кызматкерлерин аталган детектор менен ишке алат.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Макешов прокуратурага жаш кызматкерлерди жумушка алып жатканда калп детектору менен текшерүүнү сунуштады.

Депутат Жогорку Кенеша Чингиз Макешов
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Макешов

Учурда парламентте "Башкы прокуратура жөнүндө" мыйзам долбоору жана сунушталган жаңы кодекстер каралууда.

"Өзүмдүн атам прокурор болуп иштеген, бүт көйгөйлөрдү жакшы билем. Жаш кызматкерлерди тандоодо жаңы ыкмаларды колдонсок. Азыр дүйнөлүк алдыңкы компаниялар абдан керектүү кызматкерлерин калп детектору менен кызматка алат. Бул натыйжасын берип жатат. Биз ушул ыкманы прокуратурадан баштабайлыбы... Прокуратурага кызматка алуу процедурасына ушундай пунктту киргизип койсок кандай дейсиздер", — деди депутат.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев калп детектору системасын колдонууга макул экенин жана караштырып көрүүнү убадалады.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Макешов КСДПнын тизмеси менен мандат алып, бүгүндөн тарта Жогорку Кеңештин депутаты катары ишин баштады.

55
Белгилер:
Чыңгыз Макешов, кызмат, прокуратура, депутат
Тема боюнча
Депутат Бекешев: Башкы прокуратура "монстр" болуп кетти
"Прокурордун кеңештери" мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. Видео
Кыргызстан жана Тажикстан желектери. Архивдик сүрөт

Баткендеги атышуу: Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара жетекчилери сүйлөштү

65
(жаңыланган 20:26 24.07.2021)
Эске салсак, Бүгүн Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. 

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы бүгүнкү окуя боюнча эки тараптын чек ара кызматтары сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

"Баткен облусунун Тумба аймагында эки өлкөнүн чек арачылары сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугууга жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен Баткен жана Согди облустарынын укук коргоо органдарынын башчылары катышты. Жыйынтыгында тараптар Кум-Мазар (Кыргызстан) жана Сомоньен (Тажикстан) аймагында эч кандай иштерди жүргүзбөө чечимин кабыл алышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле эки тараптын чек арачылары аталган аймактагы тартиптин сакталышын көзөмөлдөй турганы айтылды.

Эске салсак, бүгүн, 24-июлда, Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арачылары бири-бирине ок чыгарган. Окуя чек арага жакын Баткен районунун Кум-Мазар аймагында болгон. Тажик тарап кыргыз тарап менен макулдашпай туруп аймакта кум тазалоо иштерин кыла баштаган. Ал жерге Кыргызстандын чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар барып, ишти токтотуусун талап кылган. Бирок тажик тарап буга макул болгон эмес. Тараптар бири-бирине таш ыргытып, кийин чек арачылар ок чыгарган.

65
Белгилер:
чек ара, Баткен, Кыргызстан
Тема боюнча
УКМК: бүгүн кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду
Тажикстан Кыргызстан менен чектешкен аймагында ири аскердик машыгуу өткөрөт  
Афганистандан качкындар. Архив

Тажикстан Афганистандан 100 миң качкын кабыл алууга даяр экенин айтууда

55
Учурда өлкө бийлиги эл аралык уюмдар менен биргеликте республиканын качкындар менен иштөө потенциалын иликтеп жатканы маалымдалды.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Тажикстан Афганистандан 100 миң качкынды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар комитетинин жетекчисинин орун басары Эмомали Иброхимзодага шилтеме берип Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

"Тажикстандын Афганистан менен чектешкен аймактарындагы аскер полигондоруна 100 миңдей качкынды кабыл алып, жайгаштырса болот. Зарылдык болсо андан дагы көп кишини киргизүүгө мүмкүндүк бар. Учурда өлкө бийлиги эл аралык уюмдар менен биргеликте республиканын качкындар менен иштөө потенциалын иликтеп жатат", — деди Иброхимзода.

Эске салсак, Афганистандан НАТО күчтөрү акырындык менен чыгып кетип жатат. Мындан улам бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм деп эсептелген "Талибан" өкмөттүк күчтөр менен тирешүүдө.

Буга чейин Афганистанда жашаган 347 этникалык кыргыз талибдерден качып Тажикстандын аймагына киргени маалым болгон. Чек араны кесип өтүүдө эки наристе чарчап калган. Бир нече күндөн кийин тажик тараптын Улуттук коопсуздук кызматы Афганистандын өкмөтү этникалык кыргыздардын жеке коопсуздугуна кепилдик бергенден кийин алар артка кайтарылганын билдирген. Качкындар Вахон уездинин Андемин аймагына төрт миң малы жана автоунаалары менен кайтышкан.

55
Белгилер:
жардам, качкын, Афганистан, Тажикстан
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Афганистандагы согуш Борбордук Азияны көздөй "жылууда". Опкоолжуткан фактылар
Афганистан көйгөйү: борбор азиялыктарды азгыруу күчөп, баңгизат өндүрүшү рекорд койду
Кыргызстандын атынан алгачкылардан болуп мылтык менен ок атуу мелдешине катышкан Каныкей Кубанычбекова

Жыйынтык көрсөтө албай калдым. Каныкей Кубанычбекованын Токиодон кайрылуусу. Видео

0
(жаңыланган 20:30 24.07.2021)
Кубанычбекова 10 метр аралыктан пневматикалык мылтык менен ок атуу боюнча жарышка чыгып, финалдык этапка өтпөй калды.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Олимпиада-2020 оюндарында Кыргызстандын атынан алгачкылардан болуп мылтык менен ок атуу мелдешине катышкан Каныкей Кубанычбекова Токиодон мекендештерине кайрылды. Спортчу кыздын кайрылуусун Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Instagram баракчасына чыгарды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

Өз сөзүндө бул кадам Олимп оюндары кийинки ийгиликтерине жол ачат деген ишенимин билдирди.

"Бүгүн алгачкы ирет Олимпиадалык мелдешке катыштым. Жакшы деңгээлде өттү. Мен тилекке каршы, буга чейин көрсөтүп келген жогорку жыйынтыгымды Олимпиада мелдешинде кайталай албай калдым. Ири жетишкендиктерди камсыздоого даярданган болчумун, эмнегедир жыйынтык көрсөтө албадым. Алгачкы Олимпиадамдан чоң тажрыйба алдым. Мен үчүн алдыдагы мелдештерге жаңы мотивация болду", — деген ал.

Мерген кыз ошондой эле Кыргызстандын элине кайрылып, ар тараптуу колдоолорду сезип турганын айтып, ыраазычылык билдириди.

Кубанычбекова 10 метр аралыктан пневматикалык мылтык менен ок атуу боюнча жарышка чыгып, финалдык этапка өтпөй калган.

0
Белгилер:
олимпиада, Токио, ок атуу, Каныкей Кубанычбекова
Тема боюнча
Кыргызстандык суучул Петрашов Олимпиадада 27-орунду ээледи