Кудай алдында жооп берүүгө даярмын. Асылбаева депутаттар менен айтыша кетти

© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Гульшат Асылбаева. Архив
Депутат Гульшат Асылбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Мыйзам долбоорунда маалыматтын фейк экенин кайсы орган аныктай турганы жазылган эмес, бул милдет министрлер кабинетине жүктөлгөн.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бүгүн буга чейин президенттин каршы пикири менен артка кайтарылган "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору кайрадан парламенттин кароосуна киргизилди.
Макулдашуу тобу иштеп чыккан варианты бүгүн талкууланып жатат.
Депутат Дастан Бекешев мамлекет ансыз да элге эч нерсе бере албай жатып, эми эркин сүйлөө укугун тартып алууну көздөп жатканын айтат.
"Бул мыйзам жарандарды андан бетер жарга түртөт, өтө зыяндуу. "Жалган маалыматты таратуудан сактайт" деп жатасыздар, эң эле калпты саясатчылар айтат. Андыктан мен буга каршы добуш берүүгө чакырам. Бул мыйзам өткөн чакта деле элдин оозун жаба албайсыңар. Мурда сизди (Гүлшат Асылбаева — ред.) ушул мыйзам үчүн "Биримдик" партиясына киргизди эле, эми "Ата-Журт Кыргызстанга" кошулгуңуз келип жатабы", — деди Бекешев.
Асылбаева муну чагымчылдык катары сыпаттады.
Ал эми Абдывахап Нурбаев интернеттеги маалыматтын жалган экенин кайсы орган аныктай турганын сурады.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Гульшат Асылбаева
Депутат Гульшат Асылбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Депутат Гульшат Асылбаева
"Үстүнө жалаа жабылган тарап тастыктоочу документи менен тиешелүү органга кайрылат. Ал кайсы орган болору азыркы мыйзам долбоорунда каралган эмес. Аны министрлер кабинети аныктайт", — деди Асылбаева.
Андан соң Нурбаев Кыргызстан демократиялык эркин өлкө катары дүйнөгө тааныла баштаганда ушундай мыйзамдар менен артка тартып жатканын белгиледи.
© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Абдывахап Нурбаев
Депутат ЖК Абдывахап Нурбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Депутат Абдывахап Нурбаев
"Элдин, оппозициянын оозун жапканга аракет кылып жатасыздар. Буга эл да каршы болуп, көчөдө митинг кылууда", — деди Нурбаев.
Буга Асылбаева көчөдө мыйзамдын өтпөй калышына каршы тараптар митингге чыгып жатканын айтты.
Жогорку Кеңеш жыйын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
"Маалыматты манипуляциялоо" мыйзамы кайра каралып, бир министрлик каршы чыкты
Ал эми Нурбаев качан гана эркиндик болгондо коом тазаланарын, муну менен Түркмөнстанга түртүп жатканын белгилеп, каршы добуш берүүгө чакырды.
Деген менен Асылбаева бул мыйзам сөз эркиндигине таасир этпей турганын айтат. Кесиптеши каршы добуш берүүгө үндөө менен өтө жаңылып жатканын билдирди. Анда Нурбаев тарых алдында жооп берип каларын эскертти. Асылбаева болсо Кудайдын жана өз абийиринин алдында жооп берүүгө даяр экенин айтты.

Чуу мыйзамдын тарыхы

"Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова демилгелеп, Жогорку Кеңеш тарабынан былтыр ушул маалда кабыл алынган
Бул маселе коомчулуктун кескин сынына кабылып, чуу жараткан.
Ак үй алдындагы тынчтык митинги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
"Мен фейк эмесмин". Ак үй алдында тынчтык митинги өттү. Сүрөт, видео
Кийинчерээк ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам долбооруна вето коюп, артка кайтарган. Анда пикир билдирүүнүн жана маалыматтын эркиндиги өлкөнүн Баш мыйзамында, ошондой эле адам укуктары жөнүндө бир катар эл аралык жана региондук келишимдерде кепилдик кылынган адам укуктарынын бири болуп эсептелинип жана демократиялык коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойноору айтылат.
Ошондой эле бул маселенин коомдогу маанисин эске алып, мыйзамдын редакциясын, тактап айтканда, ишке ашыруунун механизмдерин жана жөнгө салуунун техникалык аспектилерин коомчулуктун, эксперттик коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартуу менен кайрадан карап чыгуу сунушталган.
Демилгечилердин айтымында, фейк-аккаунттар өчүрүлүп, ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле мамлекеттик органдар жоопко тарта алат. Бирок муну менен кайсы орган алектенери так көрсөтүлгөн эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0